Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

ИРАНДА ВИЧТИН ЖАЙЫЛЫШЫ КҮЧ АЛУУДА


Иранда расмий өкүлдөр СПИДге алып келүүчү ВИЧ инфекциясына ирандыктар көбүнчө түрмөдө наркозат сайынып жугузуп алат деп айтып келишет. Бирок өлкөнүн саламаттык тармагынын улук өкүлү жакында бул илдет жыныстык катнаш аркылуу көбүрөөк таркап жаткандыгын эскертти. Азаттыктын аналитиги Вахид Сеперхинин пикиринде, никеден сырткаркы жыныстык байланыштарды сөз кылуудан бийликтердин тайсалдашы жана дагы башка жабык темалар абалды оңдоого кесепетин тийгизүүдө.

Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин оору-сыркоолорду көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Мохаммад Мехди Гуя СПИДдин үчүнчү толкуну жыныстык катнаш аркылуу жайылып жаткандыгын эскертти. Ал өз убагында чара көрүлбөсө, бул оорулардын саны кескин көбөйүшү мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, биринчи толкун 1980-жылдарга туура келип, булганч канды импорттоп, колдонуудан башталган, 1990-жылдары наркомандар булганч ийнени чогуу колдонгондон бул оору дагы күч алган. Ал эми акыркы 2 жылда жыныстык байланыштар аркылуу үчүнчү толкун башталып жаткандыгынын алгачкы белгилери байкалууда. Анын пикиринде, жаштардын жана өмүрлүк жары ВИЧке чалдыккандардын жубайларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөйүнчө, келерки эки жылда ВИЧ бат жайыла башташы мүмкүн.

Министрликтин өкүлү өкмөттүк борборлор жана көптөгөн бейөкмөт уюмдар СПИДди алдын алуу жаатында иштеп жаткандыгын белгилеп, никеден тышкаркы жыныстык байланыштарда презерватив колдонуп, наркомандар бир жолу гана пайдаланылуучу ийнени колдонуунун зарылдыгына башкы басым жасалып жаткандыгына токтолду.

Кыргызстанда презерватив колдонуунун зарылдыгын окуткан китеп окуу программасынан алынып салынган. Ал эми Иранда презервативди пайдалануунун зарылдыгы бир нече жылдардан бери мамлекет жана диний бийликтер тарабынан таанылган.

Иранда ВИЧти жуктуруп алган канча киши бар экени так белгилүү эмес. Расмий бийликтер 13 миңди атап жүрүшөт, бирок өлкөнүн саламаттык министри Камран Бакери-Ланкарани өткөн октябрда 70 миң киши жөнүндө сөз кылууга болоорун билдирген. Ал эми парламенттин саламаттык комитетинин мүчөсү Масуд Амини Ирандагы адеп-ахлак жана диний чектөөлөргө байланыштуу бул көйгөй ачык айтылбагандыктан, анын канчалык терең экендигин билүү кыйын экендигин айткан эле. Ал ошондой эле СПИД боюнча агартууга бөлүнгөн каражат жетиштүү эмес экендигин белгилеп, бул кеселди алдын алуу үчүн агартуу ишин маалымат каражаттары аркылуу жүргүзүү зарыл деди.

Мыйзамгер мурдагы президент Мохаммад Хаттаминин тушунда башталган ачык-айрым талкуу учурдагы президент Махмуд Ахмединежад бийликке келген 2005-жылдан бери басаңдап кеткендигин, бирок кийинки кездерде саламаттык министрлиги кайра жандана баштаганын белгиледи. Парламенттин саламаттык комитетинин дагы бир мүчөсү Хусейн Али Шахриари да жакында СПИД темасына кайрылып, никеге турбаган жаштардын жыныстык катнашынын өсүп жатышына алардын үй-бүлө курушуна жолтоо болгон жакырчылыкты күнөөлөдү.

XS
SM
MD
LG