Эртең Башкы прокуратурада президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда кеңейтилген кеңешме болуп, анда былтыркы жылкы иштин жыйынтыгы чыгарылат. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргенге караганда, былтыр Башкы прокуратура 1075 кылмыш ишин козгосо, мамлекетке келтирилген 150 миллион сомдой зыян кайтарылган.