Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

ЭРКИН БАСЫЛМАЛАРГА ЧАБУУЛ, ТАПАНЧАЛУУ МЭР, КУЛОВДУН ТАГДЫРЫ, ЖАПАРОВДУН КАЛПЫ


“Алас” гезитин барактасак, минтип жазат. Сөзү, обону Аскар Акаевдики, аткаруучу Курманбек Бакиев десе жарашчудай. Себеби, качкын Акаев өзүн мактабаган гезиттерге салыкчылар менен күч органдарын жөнөтчү да, алар барып талпагын ташка жайып келгичекте өзү өлүмүш болуп отура берчү. Дал ошол метод менен республикалык салык инспекциясына, айрым күч органдарына Ак үйдөн буйрук түшчү. “Алас” жана “Агым” гезиттери жабылып калсак, Ак үй сөз эркиндигин өз эркиндигине алмашат деп билгиле” деп эскертет, окурмандарын“Алас” гезити.

“Алас” жумалыгы Каржы министри Акылбек Жапаровдун калпын ашкереледи: “Жаңы жыл алдында Акылбек Жапаров эгер биз ХИПКке кирсек орус өкмөтү 188 миллион 900 миң доллар карызыбызды кечүүгө кепилдик берди” деген. “Асаба” партиясы Акылбектин айтканынын чын-бышыгын билиш үчүн орус элчилигине кайрылса, алар орус өкмөтүнүн минтүүгө ою да жок экенин айтышкан. Ошентип, Акылбек Жапаровдун жалганы чыкты деп маалымдайт “Алас” жумалыгы.


“Кыргызстан КГБсы Бишкек мэри Арстанбек Ногоевди тапанча менен сыйлады. “Арстан дагы кайсы эрдиги үчүн арзыганы?” деп “Алас” гезити суроо коюп, жооп издейт. “Аскар Акаевди коргоп Акүй алдына ак шапкелерден алып келгени үчүнбү, же Курманбек Бакиевди коргоп Көкүй алдына антимитингчилерди айдап келгени үчүнбү? Муну бир Акүй, бир КГБ билет.

Тапанча тагынган мэрдин кароосуна элет автоунаасы илинди. Мэрия айылдык автоунааларга 100дөн 300 долларга чейин экологиялык салык салуу тууралуу токтом токуп, “машинаңды жууп чыкпасаңар дагы миң сомго жыгыласың “ деген токтомун парламент короосуна жөнөттү” деп маалымдайт “Алас” жумалыгы.

Бүгүнкү “Айкын” гезити, “Саясаттын шарапаты шайтанга айланды” деген баш сөз менен чыкты. Биринчи бетке 25 миң доллардан салынган кара сумке көтөргөн “парламентке баратам, таратам, таратам” деген Данияр Үсөновдун , сары санаага баткан Феликс Куловдун жана “шайлабагыла” же “шайлагыла” деп эки колун ачакей-жумакей кылган президент Курманбек Бакиевдин сүрөттөрүн фото коллаж кылып беришти.

Өлкө гезиттериндеги бүйүрдү кызыткан учурдагы тема: Феликс Куловдун өкмөт башчылыгына парламенттин өткөрбөй койгону жана дагы мамлекет башчысы дагы сунуштаганы талкууга алынууда. Куловдун парламенттен өтпөй калышына Ак үйдөгүлөр себепкер. Бирок, Феликс Кулов дегениң оңой жоо эмес. Тандемчи досу Курманбек Бакиев билдирбей көшөгөнүн артында ага канчалык ор казса да, Кулов билмексен болуп унчукпай жүрү. Дал ошол унчукпаганында бир иш бар “ деп жазат “Айкын” гезити.

“Лица” жумалыгы өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Куловдун тагдырына байланыштуу астрологдордун, саясатчылардын божомолдорун жарыялады. Парламенттин сынына кулаган күнү кыздуу болушу-төлгө. Кызы анын коргоочу периштеси катары жарык дүйнөгө келди. Феликс Куловдун иши оңолот” деп жазат “Лица” жумалыгы.
“Лица” жумалыгы мурда АКШнын коопсуздук кызматында жана Дүйнөлүк Банкта иштеген Жон Перкинстин “Экономикалык өлтүрүүчүнүн өкүнүүсү” деген китебинен үзүндүүлөрдү жарыялады. Анда Африка, Азиянын айрым өлкөлөрүн Америка Кошмо штаттарынын бийлиги кантип экономикалык көз каранды кылып алганы тууралуу баяндалат.

“Экономикалык өлтүрүүчүлөрдүн тилеги Иракта, Венесуэлада, кийин Эквадор өлкөлөрүндө ишке ашпай калды. Эми биз алардын кашык каны калгыча соруп жоготобуз” деп жазган Жон Перкинс.

“Жаңырык апта”: “Өкмөт “ХИПК” менен өздөрүн элге жаман көрсөтүп алышкан. Президенттин алдында эки тандоо турган: ал жаңы Баш мыйзам жана тандем. Албетте, ал өзүнүн бийлигин чыңдаган Баш мыйзамы тандемге караганда өтө керек эле. Ошондуктан ал өзүнүн кызыкчылыгына, пайда жагына көбүрөөк ооп, орто жолдо Феликс Куловду кыйнап туру”. Эгерде Жогорку Кеңеш кайрадан Куловдун талапкерлигин өткөрүп берсе, анда парламенттин саясат кадыр-баркына доо кетет” деп жазат “Жаңырык апта” жумалыгы.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Данияр Шабданов билдиргендей Иран мамлекети Бишкектин түштүк аймагынын жолдорун реконструкциялап, чакан шаарча курууга 50 млн. доллар жумшаганы жатат. 50 гектар аймактар бак-дарактар отургузулуп, эс алуучу жайлары курулат. Ал эми шаарча “Тегеран” деп аталмакчы деп маалымдайт ушул жумалык.

“Орусиядан 500 миң адамга жумушчу орун сурап жатышканын өлкөнүн миграция башчы мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Досмир Узбеков айты. “Кыргызстандан баргандардын көбүнүн адистиги жоктугуна кейип, кара жумушчу болуу үчүн жок дегенде өлкөдөгү 113 кесипчилик-техникалык окуу жайдан бир адистикти билип алса, тапкан акчасы да жогору болмок” деген оюн “Жанырык апта” жумалыгына билдирген.

“Общественный рейтинг” жумалыгы “өкмөт башчылыгына Феликс Кулов кайрадан келеби же жаңы адамдын келгени дуруспу?” деп суроо коюп, парламент депутаттары Искак Масалиев, Темир Сариев жана Улукбек Ормоновдун пикирлерин жарыялады. Үчөө бирдей Феликс Кулов өкмөт башчысы катары өзүн көрсөтүп, иштей албаганын сынга алышып, экономиканы түшүнгөн жаңы адамдын келишин каалаганын билдиришкен.

Ал эми саясат таануучу Токтогул Какчекеев Феликс Куловдун ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, “ашуудан ат алмаштырбайт” деген макалды мисалга тартып саясый лидер катары Куловдун салмагын айтып, аны колдоого чакырган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG