Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

ЖАЛГАП КАЗАКБАЕВ: БИЗДИН ӨКМӨТ ТУРУКТУУ БОЛСО ЖАКШЫ БОЛМОК


Карабалта тоокен комбинатынын директорунун кеңешчиси Жалгап Казакбаев, тоокен комбинатынын тегерегиндеги маселелер боюнча “Азаттык” менен ой-пикир бөлүшөт.

- Мен жаңылбасам сиздердин комбинаттын мамлекеттик пакеттеги акцияларын инвесторлорго сатуу үчүн тендер жарыяланганына жарым жылдан ашты. Буга чейин ошондой тендер 3-4 жолу өткөрүлүп, бирок мамлекеттик мүлк комитети белгилеген баага кардар чыккан жок деп билдирилген эле. Анын соңкусу ушул аптада старттык бааны койбостон туруп өткөрүлмөк, жыйынтыгы эмне болууда?

- Өзүңүз айткандай бул төртүнчү тендер болуп атат. Мунун бардыгын тең 3-4 жылдан бери сата албай жүрөбүз. Мына бул жолу 23дө тендер башталды. Тендерге 3 компания катышуусун билдирип өздөрүнүн пакеттерин тапшырышты. Комиссия болсо алардын бардыгын кабыл алышты. Бул тендердин өзүнүн эрежеси бар. Биринчи этабында ал компаниялар текшерилет, ылайыктуу компанияларбы, биздин ишти алып кете алабы, биздин ишибизде опыты бар компаниябы, ошону текшеришет. Андан кийин экинчи бизнес планын карайбыз, биздин комбинатты өндүрүш жагында кандай кылып иштетишет, эмне деген ойлору бар, ошолор каралат. Үчүнчү этабы болсо, канча каражат карап атышат комбинатты өнүктүрүү үчүн. Ушул үч маселени карап бүткөндөн кийин тендердик комиссия үч компаниянын бирөөнө ыйгарат утуп алды деп. Андан кийин аны оформление процесси жүрөт. Мына азыр ошондой иш жүрүп атат. Мен толук маалымат бере албайм. Анткени бул жашыруун иш. Тенедерге катышкандарды айтсак болот. Алардын жүргүзүп аткан иш чарасын айтсак болот. Менин оюмча бул жолу Кудай буюрса сатылат го деген ойдо турабыз.

- Демек алдыда сунуш берген компаниялар чыныгы инвестор экенин аныктоо милдети турган экен. Мурдараак айтылган эле, “Росатом”, “Казатом” деген ири ишканалардан чыныгы кызыгуу болгон жокпу?

- Алардан кызыгуу болгон жок. Биз көбүнчө ойлодук эле да “Казатом промдон” катышабы деп. Тилекке каршы катышкан жок. Анткени “Казатом пром” 2-3 жолу президент Назарбаевдин демилгеси менен аракет кылышты эле да. Бирок биз тарап чоюлуп калгандыгына байланыштуу алар да жадады көрүнөт, отказ берип койду. “Росатом” дагы чогуу иштесек деген ойлору бар эле. Катышып аткан компаниялардын бири Орусиялык компания. Алар “Росатомго” түз байланыштыгы жок болгону менен, бирок Орусиялык компаниялар чогуу уюмунун негизинде бир компаниясын тендерге катыштырып атат.

- Сиз көп жылдан бери ошол жерде иштеген адис катары кандай деп ойлойсуз, чын эле өнөктөштүн табылбай жатышы бул кезинде кетирилген катачылыктардын кесепетиби?

- Бул өнөктүктөрдүн табылбай жатканы биздин комбинаттын жамандыгынан эмес. Бул биздеги болуп аткан башаламандыктан. Бизде же депутаттар көпкө созуп коюп атышат, же өкмөт алмашып кетет, биздеги саясаттын жоктугунан, өкмөттүн бат-бат алмашып аткандыгына байланыштуу болуп атат. Эгерде биздин өкмөт туруктуу болсо жакшы болмок. Өзүңүз деле билесиз, 15 жылдын ичинде канча премьер министр, канча өкмөт алмашып кетти. Депутаттар дагы алмашкан сайын жаңы пикирлер кирип атат. Мына ошого байланыштуу болуп атат. Болбосо биздин комбинат ишке дайын Советтер Союзундагы үч комбинаттын бирөө болчу да.

- Сизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG