Кыргызстандын коргоо министрлиги менен Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы ортосунда Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө ыктыярдуу түрдө жардам берүү тууралуу протоколго кол коюлду. Ага ылайык Түркия өкмөтү Кыргызстанга 1,190 млн. түрк лирасы өлчөмүндөгү каражатка аскердик-техникалык жардам көрсөтмөкчү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. (IJz)