Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

16:20 Феликс Куловго президент башка кызматтарды сунуш кылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев билдирди. Бүгүн парламенттеги добуш берүүдөн кийин Акүйдө президент менен жолугушуу болду. Ага катышкан спикер Марат Султанов эгер парламенттин пикирин сыйласа премьер-министрликке жаңы талапкер сунуштоону суранды. Ал эми жолугушууга катышкан Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жана президенттик администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев дагы жаңы талапкерди көрсөтүү зарылдыгын белгилешкен. Жолугушууга катышкан Феликс Кулов өзү болсо бүгүнкү добуш берүүдөн мындай жыйынтык күтпөгөндүгүн, бирок дагы бир жолу көрсөтүлсө оң жыйынтык болот деген ишенимин билдирген. Бирок президент Курманбек Бакиев үчүнчү жолу көрсөтүү саясий абалдын оорлошуна алып келерин айтып, ага ошол замат жогорку деңгээлдеги эки кызматты сунуш кылган. Бирок Феликс Кулов азырынча мамлекеттик кызматка келбейм дегендей жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG