Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:29

СПОРТЧУЛАРДЫН ЖАШОО-ШАРТЫ КЫЙЫНБЫ?


Акан Иманов, Бишкек Эл аралык мелдештерде Кыргызстан намысын коргоп, өлкө гимнин ойнотуп келген спортчулардын бүгүнкү күндө жашоо шарты кандай, алардын курсактары токпу? Спортчулар эмнеге ыраазы болуп эмнеге нааразы? Жана кыргыз өкмөтү аларга кандай колдоо көргөзүүдө.

Албетте, баардык спортчулардын экономикалык абалы жакшы деп айтууга болбойт. Алардын кай бирлери ижара акысын төлөп квартирада жашашса, кай бирлери стипендияларын күтүп ошо менен оокат кылышат. Кыргызстан курама командасынын жүз алтымыш чакты спортчусу көрсөткөн жыйынтыгына жараша миң сомдон жыйырма беш миң сомго чейин маяна алышат. Ал эми Шераалы Сыдыков атындага спорт мектебинде билим алган спортчулар, үч жүз сомго чейин стипендияга эгедер.

Алдыңкы спортчулар үчүн каражат табуунун дагы бир жолу бар. Ал, эларалык Гран-При мелдештеринде жеңүүчү болуу. Эгер, кыргыз спортчулары жеңишке жетсе, эң аз дегенде эки миң америка долларына ээ болушат. Мисалы, маркум Раатбек Санатбаев 12 ирээт Гран-При мелдештеринде биринчи орунга жетип, байгелүү болгон.

Эркин күрош боюнча Кыргызстан курама командасынын спортчусу Талант Жекшенов, бүгүнкү күндө кыргыз спортчуларынын экономикалык абалы муруңкуга салыштырмалуу жакшыраак дейт:

Мурункуга салыштырмалуу азыр жакшыраак. Бирок, стипендияларыбыз эч көбөйгөн жок. Бир аз стипендияларыбызды көтөрүп койсо жакшы болмок. Мурун кээде ачка да болуп калаар элек, азыр деле андай спортчулар кезигет. Алар кээде тамак жок, машыгууга чай эле ичип барышат.

Өткөн жуманын аягында президент Курманбек Бакиев 15-Азия оюндарында ийгилик жараткан Евгений Ваккер, Татьяна Ефименко, Данияр Көбөнов жана Алексей Крупняковго бир бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшыруу менен, күмүш медалдарга ээ болгондорго он миң, коло медалга жеткендерге беш миң америка акчасын расмий түрдө тапшырып, аларга ийгилик каалады.

Бул мисалдар алдыңкы спортчуларга көңүл бурулуп жаткандыгынан кабар берет. Ал эми бүгүн эмес, эртең өлкөнүн намысын коргой турган, бүгүнкү жаш спортчулардын жашоолору кандай, алардын курсактары токпу?

Шераалы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги окуу жайында жаш спортчулар билим алып, машыгышат. Алар тамак-аш жакшы эмес, спорт формаларыбыз дагы талапка жооп бербейт деген пикирлерин айтышып, аттарын атабоону суранышты.

-Мурункуга караганда азыр жакшыраак деп айтсак болот. Бирок, баарыбир жаш спортчуларга шарт түзүлсө жакшы болмок. Мисалы, биздин спортчулар Казакстан же Орусияга барганда алардын алдында басынып калышат. Алардын кийимдери, спорт буюмдары талапка жооп берет. Ал эми биздин спортчулар болсо арзан-арзан кийимдер менен жүрө беришет.

- Ал эми тамак-аш жагы силерде кандай?

-Биздин спорт мектептин тамагы начар. Эң негизгиси тамак-аш да. Бизде бир күндө эки маал машыгуу болот, бир машыгууда эле алың кетип калат. Тамагы күчтүү болуп, анан эки маал машыгуу өткөрсөк жакшы болмок.

- Стипендия аласыңарбы?

-Баарыбыз эмес, жакшы окугандар гана 200-300 сомдон алышат. Ал деле эч нерселерине жетпейт. Ал эми Азия же кандайдыр бир чоң мелдеште байгелүү болуп келсең спорт агентигинен маяна аласың.

Ал эми Дене тарбия жана спорт агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов спортчулардын жашоо шарты орточо, деген пикирде:

-Менимче спортчулардын жашоосу орточо, жакшы жактары да жок эмес.Алдыңкы катардагы спортчуларыбыз миң сомдон жыйырма беш миң сомго чейин стипендия алышат. Спорт агенттиги колунан келген колдоосун көргөзүүдө. Ал эми жалпы массалык спорттун абалы начарыраак болуп жатат. Негизинен акырындап мамлекет тарабынан спортко көңүл бурула баштады. Менимче жакынкы жылдары жыйынтыгын берет деп ойлойм.

Тармактын адистеринин ырасташынча өлкө намысын коргоп жүргөн спортчуларга биринчи кезекте шарт түзүлүшү керек, ошого жараша ийгиликтерди санап, талаптарды койсо болот.
XS
SM
MD
LG