Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

КЫТАЙЛЫК КОМАНДАЛАРДЫ ЧЕТ ЭЛДИКТЕР МАШЫКТЫРУУДА


2008-жылкы Жайкы Олимпия оюндарын коноктоого кызуу даярданып жаткан Кытай ал оюндарга спортсмендерин мыкты даярдоону да көңүлдүн сыртында калтырган жок. Анын ичинде төгөрөктүн төрт бурчунан мен-мен деген машыктыруучуларын, командалардын даярдыгына шайма-шай даярдык көрүүдө.

Йонас Казлаускас – Литвада эркектердин улуттук баскетбол командасынын машыктыруучусу, анын жетекчилиги астында бул команда Европадагы эң мыкты командалардын бирине айланган, 2003-жылы Европалык мелдеште алтын медал алган. Казлаускас Литвада дагы бир баскетбол клубунда иштейт жана Грециянын "Олимпиакос" клубунун башкы машыктыруучусу. Мына ушул устат эми Кытайда эркектердин баскетбол командасын келерки жылы өтө турган олимпия оюндарына даярдап жатат.

Кытайдын баскетбол командасы да чабалдардан эмес, ал 2006-жылы Азия оюндарында жеңип алган. Бирок Азаттык менен маегинде Казлаускас бул команда дагы бир көп нерселерди өздөштүрүшү керек экендигин мындайча билдирди:

Эң күчтүү командалар менен салыштырганда, кытайлык баскетболчулар бир канча артта экендигинде шек жок. Ошого карабастан, алар чоң жылыш жасап жатышат, мисалы соңку Дүйнөлүк чемпионатта Словения сыяктуу күчтүү командаларды жеңип алышты. Ошол эле убакта кытайлыктар баскетболдун элиттик клубуна кире тургандай деңгээлге жете элек.

Бүгүн Кытайдын софтбол командасын америкалык устат, футбол командасын серб, синхрондуу сүзүү командасын жапон машыктырып жатат. Баскетбол Кытайдагы эң популярдуу спорттордун катарына кирбейт. Бирок кийинки ийгиликтер менен катар, учурда АКШнын Хюстон Рокетс кесиптик баскетбол командасында ойногон Йао Миң сыяктуу спортчулардын жылдыздары жанган сайын, жаш кытайлыктар да спорт залдарына көбүрөөк келе башташты.

Олимпия оюндарына Кытайдан жыйырма миң чакты спортсмен катышат. АКШнын Олимпия комитетинин жетекчиси Петер Уеберос Бейжин оюндарында Кытай номер биринчи өлкө болот деп айткан эле. Мындан төрт жыл илгери Афиныда Ккытайлыктар 32 медал утуп, 36 медал алган АКШга куйрук улай, экинчи болгон. Казлаускастын сөзү боюнча, Кытай азыр так планын жарыялай элек. 3 жарым миллион калкы бар өлкөдөн 1 миллиарддан ашык калктуу өлкөгө келип иштегендин кандай айырмачылыктары бар экен? Бул суроого литвалык машыктыруучу мындайча жооп кайтарды:

- Машыктырууда, спорт залдарында чоң деле айырма жок. Кайсы өлкөдө болбосун, эң мыкты жыйынтыкка келүү үчүн машыктыруу эң жогорку деңгээлде жүрүшү керек. Жеке турмуш стилинде айырмачылыктар бар, алар үчүн жеңил болгон нерселерди түшүнүш мага кыйын, кээде тескерисинче аларга кыйын болгон нерселер мага жеңил.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, 2008-жылдагы Олимпия оюндарында баскетболдон кимдер алга суурулуп чыгаарын сурадык. Литвалык машыктыруучунун пикиринде, соңку кемчиликтерин эске алып, азыр катуу даярданып жаткан АКШнын командасы баарын артта калтырат. Дагы Испания, Греция, Аргентина, Франция жана Литва күчтүү чыгат. Ал эми Кытайчы? Көз тийбесин деди окшойт, бул тууралуу машыктыруучу унчуккан жок.
XS
SM
MD
LG