Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:03

8:00 Тажикстан Баткендин чегиндеги «Сурх» чек ара көзөмөлүн алып салды

Мындай кадамга тажик тарап кыргыз-тажик коопсуздук кеңеш катчыларынын өткөн жумадагы жолугушуусунун негизинде барды. Анда 10 күн ичинде бул чек ара көзөмөлүн алып салуу тууралуу сөз болгон. Баткен-Лейлек жолундагы бул чек ара көзөмөлү соңку учурда кыргыз жарандарынын нааразылыгын туудура баштаган. Дал ушул жерде тажик чек арачылары 9-январь күнү Баткен облусунун башчысынын автоунаасын токтотуп, губернатор Султанбай Айжигитовго курал кезешкен болчу.(SM)
XS
SM
MD
LG