Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики парламентке Багдаддын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы план сунуш кылды. Анын айтымында, бул план АКШнын президенти Жорж Буштун Ирак боюнча жаңы стратегиясын толуктайт. Ирак премьер-министри сунуш кылган план армия менен полициянын тыгыз кызматташуусун камсыз кылат деп айтылат кабарларда.