Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:20

ЧЕЧЕНСТАН МЕНЕН БАЙЛАНЫШТУУ ЕВРОПАЛЫК СОТ МАСКӨӨНҮ АЙЫПКА ЖЫГУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Франциянын Страсбург шаарындагы Адам укуктары боюнча европалык сот жакында орус өкмөтүнө каршы кезектеги өкүм чыгарды жана Маскөө Чеченстандын эки тургунуна 50 миң доллар кенемте төлөш керек. Мындай чечимдер акыркы мезгилде көп чыгууда, Маскөө бардык айыптарды төлөп жатат, бирок Чеченстандагы саясатына мурдагыдай эле улантууда.

Страсбург соту 18-январда чыгарган чечим боюнча, Чеченстанда 2000-жылы катуу сабалган Арби жана Адам Читаев деген эки бир тууган 50 миң доллар кенемте алат. Биринчи андай сот өкүмү былтыр чыккан, ага ылайык, Марзет Имакаева деген чечен тургуну орус өкмөтүнөн 116 миң доллар алды. 2000-жылы анын 25 жаштагы уулу орус аскерлери тарабынан кармалып кеткен.

Эки жылдан кийин орус аскерлери алардын үйүнө келип, анын баарын тинтип, Марзеттин күйөсүн да кармап кеткен жана ошондон бери анын дагы дайны жок. Имакаева бардык бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, сотко да арыз берген, бирок эч ким анын уулу менен күйөсүн издеген да эмес жана акырында ал Европалык сотко кайрылган.

Имакаеванын мисалынан кийин ошондой эле кырсыкка кабылган башка адамдар да Страсбург сотуна арыз жолдой баштады жана айрымдары орус өкмөтүн айыпка жыгып, азыр акча алууда. 2001-жылы катуу сабоодон жан берген Нура Лулуеванын туугандары былтыр 89 миң доллар алды, Фатима Базоркина болсо Маскөөнү 60 миң доллар айыпка жыкты.

Анын уулу дагы жоголуп кеткен, бирок орус сыналгысын көрүп жатканда ал - бир генерал анын баласын өлтүрүш керек деген буйрук берип жатканын көрүп калган жана орус бийлиги анын арыздарына жооп бербегендиктен, Европалык сотко кайрылган. Ал генерал - Александр Баранов болуп чыкты жана ал чындап эле Базоркинанын уулун өлтүрүүгө буйрук берген, бирок Страсбург сотунун өкүмүнө орус өкмөтү макул болуп, Базоркинага кенемте төлөгөнү менен, генерал эч кандай жаза тарткан жок. Тескерисинче, президент Владимир Путин ага кийин Орусиянын баатыры деген наам ыйгарды.

Адам укуктарын коргоо боюнча белгилүү эксперт Светлана Ганнушкинанын пикиринде, Европалык сот мындай өкүм чыгарып, орус өкмөтүн айыпка жыгып жатканы - чоң жетишкендик жана аны менен Чеченстанда жасалып жаткан көптөгөн кылмыштар ачыкка чыгып жатат, бирок маселенин акчалай жагынан башка да нерселер бар:

"Өкмөт айып төлөп гана ошону менен тим болууда. Ошондуктан сот - жөн гана кенемте акча төлөтбөстөн, өкүмдүн бардык шарттарынын аткарылышын талап кылганга жетишсе жакшы болор эле, ошол өтө маанилүү", - дейт Ганнушкина.

Европалык соттун чечимдеринин баарын орус өкмөтү аткарганы менен, жакында Путин - ал өкүмдөрдүн артында саясат жатат деп билдирди. Сотко арыз жолдоо ыкмаларын элге түшүндүрүп, чечендерге жардамдашкан бир даниялык уюмду орус өкмөтү өткөн ноябрда - анын документтери толук эмес деп, Орусияда иштөөгө ага тыюу салды.

Страсбург сотуна былтыр орус жарандарынан 12 миң арыз түштү, азыр сот - Чеченстан менен эле байланыштуу 200 ишти карап жатат, кошуна Дагестан жана Ингушетиядан дагы көп арыз келе баштады. Көп иштерди караганга сот жетишпей жаткандыктан, анын ишин ылдамдатуу боюнча атайын резолюция кабыл алынганда, орус парламенти аны бекитпей койду.

XS
SM
MD
LG