Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

КОСОВО АЙМАГЫНА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК БЕРҮҮ МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Косово маселеси боюнча атайын өкүлү Марти Ахтисаари 26-январда Вена шаарында атайын жыйын өткөрүп, Косовонун келечегин талкуулады. 2-февралда өз сунуштарын Ахтисаари Сербия менен Косово өкүлдөрүнө тартуулайт.

Венадагы жыйынга - Косово маселеси боюнча түзүлгөн атайын топтун өкүлдөрү катышты, ал топко АКШ, Алмания, Британия, Италия, Орусия жана Франция кирет. Жыйын жабык өттү, бирок Косово боюнча өкүл болуп дайындалган Финляндиянын мурдагы президенти Марти Ахтисааринин мурда билдиргенине караганда, анын планы - Косоводо жашаган улуттук азчылыктардын укуктарын коргоону күчөтүү жана аймактагы эл аралык уюмдардын аракеттерин кеңейтүү идеяларына негизделет.

Косово калкынын 90 пайызын мусулман албандар түзөт, ошондуктан, аймак Сербиянын курамына автономия болуп киргени менен, андагы улуттук азчылык - сербдер. Бирок алар Косоводогу мусулмандарга каршы тукум курут саясат жүргүзгөндүктөн, 1999-жылы НАТО уюму Сербияга аскерий сокку урган жана ошол жылдан бери Косово Бириккен Улуттардын атайын башкаруусунда.

Эл аралык уюмдар анын эгемендүүлүгү боюнча референдумду 2006-жылдын аягына чейин өткөрүүнү пландаган, бирок акыркы айларда аны кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Анткени Молдова жана Грузиянын курамындагы Днестр, Абхазия жана Түштүк Осетия жумурияттары Маскөөнүн колдоосу менен - эгер Косово эгемендүүлүккө жетсе, алардын маселеси дагы ошондой чечилиш керек деп билдире баштады.

Натыйжада, жакында Франциянын Страсбург шаарында өткөрүлгөн Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын сессиясында Косового эгемендүүлүк берүү идеясы колдоого алынган жок. Маселе жөнүндө доклад жасаган лорд Рассел-Жонстон - Косового шарттуу эгемендүүлүк бериш керек деген сунуш көтөрдү, бирок ага Орусия өкүлчүлүгү катуу каршы чыкты жана Европа Кеңешинин баш катчысы Терри Дэвис дагы ал маселе Бириккен Улуттар Уюмунда гана чечилиш керек деп билдирди.

Страсбургдагы талкууга Ахтисаари дагы катышкан: "Менин сунуштарым - сербдер жана албандар менен өткөрүлгөн көптөгөн сүйлөшүүлөргө негизделет. Тараптар ортосунда келишим түзүлө элек, бирок менин сунуштарым калыс жана тең салмактуу деп мен ишенем. Маселени чечүү үчүн аймактагы улуттук азчылыктардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Келечекте демократиялуу жана көп улуттуу Косово түзүш үчүн, анда жашагандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо мыйзам негизинде түзүлгөн уюмдар тарабынан кепилденүүгө тийиш", - деп бидирди Ахтисаари 24-январда Страсбургда.

Эксперттердин пикиринде, Косового азыркы учурда эгемендүүлүк берүү бир топ жаңы маселе жаратышы мүмкүн, ошондуктан тараптар ортосундагы сүйлөшүү жараянын улантыш керек. Касташкан тараптардын баары кабыл алынып жаткан чечим менен макул болгон шартта гана келечекте жаңы маселелер чыкпайт.

Анткен менен Косоводогу тараптар азырынча бир пикирге келе албай жатат. Мусулмандар - эгемендүүлүк боюнча референдумду мүмкүн болушунча ылдамыраак өткөрүүнү каалайт, сербдер болсо өлкөнүн жаңы конституциясына - Косово аймагы Сербиянын ажырагыс бөлүгү деп жазып киргизди жана 21-январда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо кайрадан серб улутчулдары жеңип чыкты.

XS
SM
MD
LG