Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

ТАНДЕМДИН СООДАСЫ БҮТТҮ


Президент Курманбек Бакиев премьер-министрлик кызматына сунуштаган Феликс Куловдун талапкерлиги Жогорку Кеңеште эки ирeт өтпөй калышы жана Азим Исабековдун премьер-министрликке көргөзүлүшү ушул аптанын башкы окуясы болду. Анын айланасында кызуу талкуу жүрүп, саясий чөйрөдө ар кыл пикирлер жаралды. Бир даары бул жагдайга Феликс Кулов өзү күнөөлүү десе, экинчилери Куловдун кетиши менен Бакиев алсырады деген пикирин айтышууда.

25-январда Жогорку Кеңеш Феликс Куловду премьер-министрликке дайындоого экинчи ирет макулдугун берген жок. Эртеси күнү мамлекет башчысы фракция жетекчилери менен жолугушуп, өкмөттүн структурасына байланышкан маселени тез арада чечүү зарылдыгын айтып, бул кызматка жаңы талапкерди сунуштаарын билдирди:

“Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлиги элдин көйгөйлүү маселелерин чечүүнүн ордуна ушинтип эле тирешип тура берсе, мен мамлекет башчысы катары тийиштүү чараларды көрүшүм керек. Качанга чейин ушинтип жүрө беребиз. Кеңешип туруп чечим кабыл алып, бардык саясий оюндарды токтотолу. Төрт, беш күндүн ичинде өкмөттүн маселесин чечип, шымаланып туруп, ишке киришели”,-деп билдирди президент.

Айрым байкоочулардын пикиринде, Куловдун талапкерлиги экинчи жолу добушка коюлган учурда, президент Бакиевдин өзүнүн парламентке келбегени, анын жеңишине кызыкдар эместигин так далилдеп турат. Ошентип, премьер-министрдин милдетин аткарып турган Феликс Куловдун мындан бир жума мурун “Президент менин талапкерлигимди кайра-кайра сунуштайт” деп билдирген ишеними акталган жок. “Реформа үчүн кыймылынын” мүчөсү Өмүрбек Абдрахмановдун билдиргенине караганда, Кулов президент Курманбек Бакиевге болгон ишениминин курмандыгы болду:

“Курманбек Бакиев Куловдун жардамы менен шайланып алгандан кийин, кантип бул кишиден арылам деп ойлоду. Кулов аны түшүнбөй, ага аябай берилип, Бакиев мени дагы сактап калат деп ойлоду. Бирок Бакиевге Куловдун кереги жок болчу. Демек, Кулов өзү ушуга татыктуу болуп алды. Эми президент аны пайдаланып туруп, ыргытып жиберди деген сөз да”,-деди Өмүрбек Абдрахманов.

Кээ бир саясатчылардын мына ушундай пикирине кошула албастыгын президенттин алдындагы адам укугу боюнча комитеттин жетекчиси Турсунбек Акун айтты. Ал эки ирет тең депуттардын колдоосуна ээ болбогонуна алгач Феликс Кулов өзү күнөөлүү деп эсептейт:

“Жылкы теппей, жылаан чакпай отставкага кетем дегени эмне кеп? Андан бирөө кызматтан кет деп суранган жок. Мамлекет башчы менен сүйлөшүп, мен отставкага берейин, сиз парламентти таратыңыз дегендей болуп жатпайбы. Ал деген кызматтан кетерден мурун ойлонушу керек эле да, Президент айткан нерсесин аткарабы деп. Парламентти таратуу оңой иш эмес да. Саясатчы деген алдын билиши керек. Куловдун өзүнөн кетти. Президент да бул жерден чыныгы жолдоштук кылган жок”.


2005-жылдын май айында түзүлгөн Бакиев-Кулов тандеми ошол эле жылы июлда болгон президенттик шайлоодо Бакиевге жеңиш алып келген. Куловдун тарапкерлери мамлекетти түндүк-түштүк деп бөлүнүп жарылуу коркунучунан сактап калабыз деген ой менен Бакиевге добуш берген. Айрым талдоочулардын баамында, премьер-министриликке жаңы талапкерди сунуштоо боюнча президенттин чечими Бакиев-Кулов мунасасынын тагдырына чекит коюлганын айгинелеп турат. Саясат таануучу Зайнидин Курманов бул тандем башынан эле алыска барбашы айкын болчу дейт:

“Президент Бакиев Куловдун талапкерлигин үчүнчү жолу деле көрсөтсө болмок. Балким депутаттар парламентти таркатуу коркунучунан аны колдомок. Бул тандем айла жоктон эле түзүлгөн болчу”.

Зайнидин Курмановдун пикиринде, премьер-министриликке дайындалбай калышы Куловго оң натыйжаларды алып келиши ыктымал. Балким, ал өкмөт башчы болбой, дагы бир балээден аман калды:

“Премьер-министр болбой калганы балким Феликс Кулов үчүн кудайдын жардамы болгондур. ХИПИКке киребиз, энергетика тармагын сатабыз деген адам башкара албай кетсе анын кийинки тагдыры өтө жаман болот. Ошону үчүн кудай депутаттардын колу менен Куловду дагы бир жолу сактап калды. Балким эки, үч жылдан кийин ал “тобо, мени кудай сактаптыр” деп айтат”.

Борбор Азия жана Кавказ боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубновдун пикиринде, азыркы бийлик системасында Кулов “арабанын бешинчи дөңгөлөгү” болуп калган. 19-декабрда Куловдун кызматтан чегинүүсү парламентти таркатуу коркунучуна алып келгени үчүн депутаттардын көбү аны анча жакшы көрүшпөйт. Ал кезде Бакиев өткөн жылдын ноябрь айында президенттин милдеттерин чектеген жаңы баш мыйзамды кабыл алууга мажбур кылган парламент менен тирешүүдө аягына чейин барууга даяр болчу.
Бирок 30-декабрда кабыл алынган жаңы конституция президентке ал ажырган укуктарын кайра алып берди, ал эми депутаттар болсо өз ордуларын сатап калышты. “Кулов президентке да, парламентке да тоскоолдук болуп калды”, деп Аркадий Дубнов “24.кг” маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Эсенаманов болсо, Куловдун талапкерлигинин өтпөй калышынын себеби - анын ХИПИК программасы боюнча көз карашына байланыштуу болгонун билдирди:

“Феликс Кулов биринчи жолу келгенде ХИПИК программасы боюнча көз карашын айтты. Ал өлкөнүн кийнки тагдырына байланышкан маселе боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алганын айтты. Депуттарда мамлекеттин тагдыры чечилип атканда мындай оор жүктү бир адам албашы керек деген ой калды. Ошондой эле, берген маалыматы жөн эле отчет болуп, так программасы жок экен. Өкмөт отставкага кетип, кризистик абал түзүлүп, Жогорку Кеңеште карала турган маселелер карабалй калды. Мына ушундай нерселер Куловдун өтпөй калышына себеп болду”, - деди Замирбек Эсенаманов.

Маалыматтарга караганда, президент Бакиев Феликс Куловго бир нече кызмат сунуштаган, бирок Кулов алардан баш тарткан. Кандай сунуштар экени айтылбай жатат.

26-январда Президент Бакиев премьер-министрликке учурда айыл жана суу чарба министринин милдетин аткаруучу Азим Исабековдун талапкерлигин сунуштады. Бирок президенттин бул сунушу саясий чөйрөдө ар кыл пикирлерди жаратты. Ишкер Өмүрбек Абдрахманов бул кызматка Исабековдун талапкерлигин колдобой турагын айтты:

“Азим Исабеков мен 1980-жылдары
“Стрельниково” совхозунда парткомдун катчысы болуп турганда менде тракторчу болуп иштечү. Аялы Жалалабаттык экен, Бакиев келгенде ага жардамчы болуп иштеди. Бакиевдин арты менен көтөрүлгөн киши. Анын саясий амбициясы жок, экономикалык жактан ойлору деле жок. Бул Бакиевге жага турган киши, ошондуктан анын талапкерлиги өтөт. Бул киши аркылуу Бакиев иштерин бүтүрө берет”.


Ушундай эле оюн укук коргоочу Турсунбек Акун да айтты:

“Саясий көз карашы бар, программасы бар, журтка белгилүү адам эмес да. Ага караганда мен белгилүүмүн. Менин оюмча бул күчтүү талапкер эмес”.

Ал эми саясат таануучу Зайнидин Курманов президент бул кызматка өзү ишенген адамдын талапкерлигин коюп жаткандыктан, ал иштеп кете алат деген ойдо:

“Президент өзү ишенген адамдын сунуштады. Ошондуктан ал иштейт болушу керек. Мына Куловго ишенбегендиктен аны колдобой койбодубу”.

Азим Исабековдун талапкерлигин Жогорку Кеңеш дүйшөмбү күнү карап башташы ыктымал. Жогорку Кеңештин төргасы Марат Султанов президент сунуштаган Азим Исабековдун талапкерлигин парламент колдойт деген пикирде.

Айрым байкоочулар өкмөттү жетектебей калган Феликс Кулов сөзсүз түрдө оппозициянын катарына оойт деген жоромолдорун айтышууда. Ал эми келечекте кандай пландар болот, аны Феликс Кулов кийинки апта башына пландаштырылган маалымат жыйында айтып бериши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG