Фирусинин аялы күйөөсү абактан шаршемби күнү чыкканын кечээ ырастады. Бийликтер дарыгерди “түрмөдөн качкан адамды” жашырды деп айыптаган. Фируси былтыры абактагы студент-активист Ахмад Батебини ден соолугуна байланышту абактан чыгарууну талап кылганы үчүн да кыска мөөнөткө камалып чыккан эле.