Ушул тапта мектептин өрттөн аман калган класстарында окуу улантылууда. Мындай кааналар бардык класстар үчүн жетишсиздик кылгандыктан, кенже класстын окуучуларын окуттуу 29-январга чейин токтотулду. Ал эми өрткө учураган кааналар өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан тазаланып жатат. Бул маалыматты аталган министрликтин оперативдүү нөөмөт бөлүгү кабарлады.
Ош шаарындагы Киров атындагы орто мектеп 25-январда китепканасынан өрт чыгып, күйүп кеткен.
Ош шаарындагы Киров атындагы орто мектеп 25-январда китепканасынан өрт чыгып, күйүп кеткен.