Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

12:45 “АнтиХИПИК” кыймылы жаңы өкмөттү ХИПИК программасынан баш тартууга чакырат


“ХИПИКке каршы” демилге тобу Феликс Куловдун ХИПИК программасына карата таштаган акыркы кадамын колдоого алышты. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын айтуусунда өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун бул кадамы ХИПИКтин Кыргызстан үчүн пайдасыз экендигинен кабар берип турат. Абдурасулова ошондой эле жаңы ишке киришүүчү өкмөттүн да ХИПИК программасын кабыл албоосу үчүн “АнтиХИПИК” кыймылы болгон аракетин жумшарын билдирди:

-Биз Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Азимбек Исабековго суроо берип, анын ХИПИК тууралуу пикирин билебиз. Эгер ал бул программаны колдоого ала турган болсо, анда парламент аны премьер-министрликке бекитпөөсү үчүн аракеттерибизди жасайбыз.

XS
SM
MD
LG