1992-жылга чейин Злата Филиппович өзү төрөлүп-өскөн Сараеводо бейкапар турмушта жашады. Мектепке барып-келип, көптөн күткөн каникул келгенде, аны да көңүлдөгүдөй өткөрүп жатты. 11 жаштагы Злата өз курагындагы балдар-кыздардай эле күндөлүгүн жазып жүрчү.
Босния жана Герцеговинада уруш башталганда, анын күндөлүгү зордук менен зомбулуктан жапа чеккен баланын акыркы сөзүндөй таасирдүү чыгарма болуп чыга келди. 1993-жылы жарык көргөн «Златанын күндөлүгү» дүйнөгө тез тарап, көпчүлүк кууп окуган китепке айланды, 36 тилге которулду.
Злата Филиппович азыр 26 жашта. Ал бир нече жыл мурун Оксфордду аяктап, азыр Дублин шаарында жашайт. Злата атактуу британиялык автор Мелани Челленджер менен биригип, “Уурдалган үндөр” деп аталган экинчи китепти чыгарды. Анда биринчи дүйнөлүк согуш учурунан тарта Ирактагы кандуу окуялар маалындагы жаштардын күндөлүктөрүнөн үзүндүлөр топтолгон.
Вашингтондо “Азаттыкка” берген маегинде Злата согуштун кесепетинен түп-тамыры менен өзгөргөн Сараеводогу жашоосу, жаңы китеби жана атын дүйнөгө тааныткан күндөлүгү тууралуу кеп кылды. Автор «Златанын күндөлүгү» кыйын кезеңде да эч нерсеге карабастан, жашоону улантуу керек экендиги тууралуу деп айтат.
"Электр жарыксыз, суу тартыш болуп жаткан кезде, айланада кыйроо жана өлүм өкүм сүрүп жатканда да жашаш керек. Кыйынчылыкка көңүл бурбаганда гана аман калуу мүмкүн".
Злата согуш алааматында өзүн-өзү жоготуп кетпегенине дал ушул күндөлүк себепкер жана жардамчы болду дейт. Кагаз бетине болсо да, ал кимдир бирөөгө окуясын айтып берүүсү керек эле. Күндөлүк менен сырдашып жатып, ал жалгыздыктан айрылып, жакынын тапкан.
"Мейли муздак болмого барып, мейли электр жарыгысыз деле, мен олтуруп алып, күндөлүккө эки сап түшүрүүгө муктаж болчумун".
Злата “Уурдалган үндөр” жаңы китеби согушка ар бир адам кабылышы мүмкүн экенин түшүнүүгө жардам берет деп ишенет. “Биз кайсы жерде жашасак да, кандай проблеманы чечип, кандай максат койсок да согуштун алдында баарыбыз бирдейбиз”,-дейт Злата.
Хода Тамир Джихад өз күндөлүгүн 18 жашында, Иракка АКШ аскерлери киргизиле баштагандан тарта жаза баштаган. Бул сөздөр мага жеңил дем алууга жардам берет деген үмүт менен жазгам деп айтат ирактык кыз. Анын күндөлүгүнөн үзүндү:
"Угулбайт, угулбайт шыбыштар
Үңкүйүп...кыйраган өкмөт
Зар какшап адамдар турмушта
Сааттар кайрылбай өтүүдө.
Ач калган баланын көз жашы
Агууда...тээ жерден үн чыгат.
Алыстап, көңүлгө алынбай
Акыйкат добушу тумчугат."
Ушундай саптарды камтыган “Уурдалган үндөр” жыйнагын окуп чыгып, кайдыгер калгандар аз.
Сүрөттө : Ливандагы качкындарга жардам көрсөтүү комитетинин маалымат боюнча Ливанда 2006-жылы болгон согуш учурунда миңден ашык адам мерт болгон, анын үчтөн бир бөлүгү 12 жашка толо элек балдар.
Жаннат Токтосунова, Бишкек