Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

14:30 Бүгүн ишкерлердин үчүнчү курултайы болуп өттү


Курултайда ишкерлердин коомдогу орду, өлкөнүн саясий-экономикалык турмушуна кошуп жаткан салымы жана ишкерликти өнүктүрүүгө жолтоо болуп жаткан факторлор тууралуу кеп болду. Курултайдын катышуучуларынын дооматы боюнча Кыргызстанда кичи жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө салык кодексинде ишкерлердин кызыкчылыктары корголбогондугу, түрдүү күч органдарынан тынбай болуучу текшерүүлөрдүн көптүгү жана саясий кырдаалдын тынчыбай жаткандыгы негизги себептер болуп эсептелет. Курултайга катышкан мамлекет башчысы мындан ары үч айда бир жолу ишкерлер менен жолугушуп турууга убада берди.

XS
SM
MD
LG