Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Субаналиевдин айтуусунда ички иштер органын реформалоо жана колдоо үчүн Шанхай кызматташтык уюмунан, ЕККУ жана жамааттык коопсуздук келишиминин уюму тарабынан берилген жардамдар министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого чоң салымын кошту. Ошондой эле бул инвестициялардын жардамы менен милиция кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө жана ИИМ үчүн бөлүнүүчү бюджетти көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү деп маалымдады Өмүрбек Субаналиев ички иштер министрлигинин бүгүнкү жыйынында.