Президент ишкерлердин курултайында негизги докладдар окулуп бүткөндөн кийин сүйлөдү. Ал жыйынга катышып отурган бийлик өкүлдөрүнө ишкерлерге жүз буруп, аларга ар тараптан жардам берүүгө чакырды. Ошондой эле ар бир үч айда ишкерлер менен жолугушуп, көтөрүлгөн маселелердин чечилиши боюнча маалымат алмашып турууга сөз берди.
Жаңы «Салык кодекси» бир нече жылдан бери кабыл алынбай жатышы үчүн экономика жана каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровду кескин сынга алды. Президент жаңы өкмөт курамында ишкерлер болуш керек деген оюн айтып, бирок Куловдун өкмөтүнүн мүчөлөрү негизинен ордунда калаарын, ал эми бажы жана салык инспекциялары мамлекеттик комитетке айлантылып, алардын жетекчилери толук кандуу өкмөт мүчөлөрү болоорун ачыктады.
Президент айыл чарабсындагы маселеге токтолуп, ири чарбаларды уюштуруу зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө экономикалык багыттагы мыйзамдар кабыл алынбай жатат деп, парламентти сындап өттү:
"Жогорку Кеңеш жарым жылдан бери экономикалык багыттагы мыйзамдарды кабыл албай жатат. Ал эмес парламент ишкерлерге тоскоол кыла турган чечимдерди кабыл алууда. Өкмөт чакан ишкерлерди колдоочу мыйзамдарды иштеп чыга элек. Финансылык мунапыс жөнүндө мыйзам тезирээк кабыл алынып, бизде ислам принцибинде каржылоону жолго коюуну тездетүү зарыл".
Кыргыз ишкерлер бирикмесинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бийликтен эки нерсе керектигин билдирди:
"Биринчиден, мамлекетте ишкерлик үчүн моралдык жана инвестициялык шарт түзүлүп, коррупцияга бөгөт коюлууга тийиш. Ошондой эле көмүскөдөгү ишкерликтин ачыкка чыгуусуна өбөлгө түзүү зарыл".
Ал ошондой эле Кыргызстанда салыктардын коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу оордугун, коррупциянын айынан ишкерлик көмүскөдөн чыкпай жатканын белгиледи.
Чыгып сүйлөгөн башка ишкерлер даярдалып жаткан жаңы салык кодексиндеги кемчиликтер, текшерүүлөрдүн көптүгү, саясий туруктуулукту камсыздоо боюнча ойлорун ортого салышты.