Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:17

БИРЛИКТЕГИ ЖАРЫЛГАН ҮЙЛӨР ЖЕР ТИТИРӨӨГӨ БАЙЛАНЫШТУУБУ?


Нарын облусунун Атбашы районундагы Бирлик айылында 206 үйдө 315 түтүн эл жашайт. Айылдын батыш тарабынан жер алдынан көтөрүлгөн суудан тамдар жарыла баштаган. Ал эми Кочкордогу болгон жер титирөөдөн кийин тамдардын 40 пайызы жарылып калды деген маалыматтар пайда болууда. Жергиликтүү элдин айтымында 23-январга чейин эч бир комиссия айылда иликтөө жүргүзбөгөн.

Атбашы районундагы Бирлик айылындагы тамдардын дээрлик 40 пайызы жарылып калды деген маалымат түшкөндөн кийин береги айылда болдук. Айылдын айрым тургундары төмөндөгүдөй маалыматтарды билдиришти:

- Менин атым Дүйшөкеев Жылытбек. Жер титирөөдөн кийин тамдарым ачылып-ачылып кетти. Буга чейин бизге айыл өкмөттөн киши келген жок. Беш бөлмө үйдүн бешөө беш жака кеткени калды.

- Мен Кареев Ислам. Саз чыкканына байланыштуу там жарылып кеткен. Жер титирөөдөн кийин ого бетер там жарылып, айласыз болуп атат.

Айылдагы “Булаң баш” аттуу коомдук уюмунун жетекчиси Борис Абдрахманов 23-январга чейин эч бир комиссия иликтөө жүргүзбөгөндүгүн айтат:

- Жер титирөө болгондон бери киши келе элек. Мурун бир келип 20дан ашык тамды байкоодо деп каттап кеткен экен. Мен барып оор абалда калдык көрбөйсүздөрбү десем, силердин тамдарды бердик дейт. Бирок бир да комиссия келген жок.


Айылдын башчысы Азизбек Асанов жер титирөөдөн кийин эки үй кулап калганын айтты:

- Жер титирөөгө чейин деле жарылган. Себеби былтыр жазында МЧСтен кишилер келип ушул жердеги 97 үйдү карап чыкканбыз. Эң оор абалда 2 үй чыккан. Мына эми эки үй тең кулады.

Айылдын башчысы Азизбек Асанов ооз эки айыл өкмөт төргасына жана районго маалымат бергендигин, бирок алигиче бийликтен бир адам келип көңүл бөлбөгөндүгүн кошумчалады.

Облустук жарандык коргонуу башкармалыгынын улук лейтенанты Дөөлөт Ибраев, Атбашы районунан жер титирөөдөн жарылган үйлөр боюнча маалымат жоктугун телефон аркылуу билдирди. Ал эми Атбашы райондук жарандык коргонуу бөлүмүнө байланышсак, биринчи даражадагы адис Мазарбек Нурмамбетов район боюнча жалпысы 41 үй жер титрөөдөн жарылгандыгын маалымат кылды.

XS
SM
MD
LG