ТЕГЕРАН. Иранга Эл Аалык Атамдук Энергия Агенттигинин инспекторлорунун жаңы тобу келди. Маалымат каражаттарынын айтымында, инспекторлордун үчөө Исфахан, Натац жана Арак деген жерлердеги өзөктүк обьекттерди текшеришет. Андан мурдараак Иран МАГАТЭнин 38 инспекторун өлкөгө киргизбей койгон болучу. Анда Иран МАГАТЭ менен кызматташуудан баш тартууга ниеттүү эмес экенин билдирген.