Депутат Темир Сариев премьер-министр кызматына талапкер болуп жаткан Азим Исабековго «Кыргызстан суу державасы боло алабы» деген суроону жолдоду. Азим Исабеков Кыргызстан Борбордук Азияда сууга бай мамлекет экенин, бул байлыкты пайдалануу, сатуу боюнча программа жазылып, коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүү аракеттери болуп атканын белгиледи. (KCh)