Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Курманбек Бакиев бүгүн эртең менен өзүнүн администрациясы менен адаттагыдай эле кеңешме өткөрүп, маанилүү деген маселелерди карады. Кеңешмеде президент Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги Саммитин Бишкекте өткөрүү боюнча көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча Уюштуруу комитетинин аткарган иштери жөнүндө маалыматты укту. Ошондой эле администрация жетекчиси М. Абдылдаев Башкы прокуратуранын коллегиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. К. Бакиев Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштү күчөтүшү керек деп белгилеген. (KCh)