Галеб Мажаделе премьер-министр Эхуд Олмерттин өкмөтүндө портфелсиз министр болду. Армян радиосуна берген интервьюсунда, Галеб Мажаделе бул кызматка келиши менен Израилдеги араб улутундагыларга көбүрөөк көңүл бурула тургандыгын билдирди. Израилдин калкынын 20 пайызын түзгөн арабдар өкмөт аларга экинчи сорттогу адамдардай мамиле жасаарын айтып жүрүшөт.