Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:26

ХАМАС жана “Фатх” партияларынын лидерлери Меккеде сүйлөшүү өткөрүүгө макул болушту


ХАМАС жана “Фатх” партияларынын лидерлери Палестин автономиясындагы саясий кризисти жөнгө салуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү Меккеде өткөрүү жөнүндө Сауд Арабиянын падышасы Абдулланын сунушун кабыл алышты. Газа секторунда бул эки атаандаш партиялардын ортосунда кагылышуулар уланууда. Маалыматтарга ылайык бейшембиден бери 27 адам курман болуп, дагы алтымышка жакыны оор жараат алды. Палестин президенти, “Фатх” тобунун лидери Махмуд Аббас менен ХАМАС кыймылы бирдиктүү өкмөт куруу тууралуу бир чечимге келе албай жатышат.

XS
SM
MD
LG