Ирактын түштүгүндө, шииттердин Нажаф шаарында кечээ болгон кагылышуулардан 250 согушкер өлтүрүлдү деп кабарлайт Ирак өкмөтү. Америкалык командачылыктын маалыматына ылайык, операциянын жүрүшүндө жерге конуп жаткан тик учак козголоңчулар тарабынан аткыланып, эки жоокер курман болду. Кагылышуу Кербала шаарына жүз миңдеген зыяратчылар Мухаммед пайгамбардын небереси имам Хуссейнди эскерүүгө чогулуп жаткан учурда болгон.