Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

ТЕМИР САРИЕВ : РЕПРИВАТИЗАЦИЯ СОГУШКА АЛЫП КЕЛЕТ


(29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзү).

Урматтуу депутаттар! Урматтуу өкмөт мүчөлөрү! Биз бүгүн премьер-министрди шайлайбыз. Менин көзүм жетим турат. Тийиштүү добуш алат. Бирок, эртең кайра өкмөттүн иши башталат жаңы премьер-министр менен. Ал кандай иштейт. өкмөттүн багыты кандай болот. Негизги экономикалык саясат кандай болот. Бүгүнкү кыргыз элинин астында, мамлекеттин астында турган маселелерди чече алабы же чече албайбы. Негизги маселе ушунда. Жогорку Кеңеш менен кантип иштейт. Тил табышабы же карама-каршылыкка барабы? Баардык чечип жаткан маселелерин ачык айкын айтып, бизди үндөп, ишендирип, добуш алып ошондон кийин барабы же болбосо жең ичинен Акүйдүн жетинчи кабатында бекинип алышып, бир нерсеге кол коюшуп, кайра өздөрүнүн сөздөрүнөн танып, же кол койгон колдорунан танып, кайра чакыртып отурушабы? Мына ушундай болуп жатат.

Экинчи маселе, президент менен кантип иштейт же колуна суу куюп, Курманбек Салиевич деп он жолу айтабы же болбосо өздөрүнүн түз позициясын иштеп чыгабы? Өкмөттүн бүгүнкү Конституция боюнча өзүнүн ачык айкын, түз көз каранды эмес саясаты болобу же болбойбу? Мына мен бүгүнкү премьер-министрге ушул маселелердин тегерегинде айткым келет. Эгерде Азим мырза ушул маселелерди чечип, күчтүү премьер болом десеңиз башынан мамилелерди туура таап, эч нерседен коркпоо керек. Эң кыйын маселелерди кабыл аласыңар. Ошол эле ХИПИК , энергетика, социалдык төлөмдөрдү жоготуу боюнча эң чоң кыйын маселелер алдыңарда турат. Бирок, кантип аласыңар аны. Эгер ушул жерге келип, депутаттар менен макулдашып, ушулардын макулдугун алып, бардыгын санап, жолдорун көргөзүп, бул жакка барсак мындай болот экен, тигил жакка баш баксак тигиндей болот деп оң жагын дагы, терс жагын дагы көргөзсөңөр силер депутаттардын колдоосуна түшөсүңөр.

Депутаттын колдоосуна түшсөңөр элдин колдоосун түшөсүңөр. Ар бир өкмөт эгерде өзүнүн кылган ишин элге ишендирип, түшүндүрүп бере албаса, ал өкмөттүн келечеги жок болот. Ал өкмөт кечээки күнгө окшоп качат. Жооптуу учурда же кол коёрдун астында качып кетет. Ар түрдүү шылтоо менен.

Экинчи маселе, мына эртең структураны киргизебиз дейсиз. Кандай структура келет бизге. Чоң, бири-бирин кайталаган структура келеби же компакттуу чече турган, иштей турган структура келеби. Бул негизги маселелердин бири болуп эсептелет. Мен ошон үчүн сизге суроо бергенмин. Кыскартасызбы аппаратты? Кыскартыш керек аппаратты. Азыр жеке ишкерлердин баары айтып жатат. Эң негизгиси бизге тоскоол болбогулачы. Калганын биз кылып беребиз дейт. Өзүбүздү дагы, элди дагы, мамлекетти дагы багабыз дейт. Мын ушул шартты түзүп бериңиз.

Реприватизация менен алектенем деген болбойт. Токтотуңуз мындайды. Согушка алып келет, ал бирөөнүн менчигин тартып алган болот. 10-15-жыл мурун болуп кеткен нерсенин баарын кайра карайбыз деп отурушат. Андай бөлүштүрүүнү токтотуш керек. Ал бөлүштүрүүнүн аягы согуш менен бүтөт. Жамандык менен бүтөт. Көрдүк байлыгын кучактап алып азыр “Кыргызстанга келсем, эки көзүм төрт” деп отурат.

Мени азыр ойлондуруп жаткан нерсе биздин сомдун абдан туруктуу болуп, башка валюталарга караганда өсүшү. Эмне үчүн мындай болуп жатат. Эмне үчүн Улуттук банк туура эмес саясат жургүзүп жатат. Эгерде доллар сомго караганда арзан болсо, импорт аябай өсөт. 2006-жылы иммпортубуз 1 миллиард 425 миллион болду. Ал эми сом дагы эле курчуп баратат. Бул эң жаман тенденция. Терс таасирин берет. Анткени, Кыргызстандан чыгарганга караганда Кытайдан же башка жактан алып келген ыңгайлуу болуп, шарттуу, пайдалуу болуп калат. Бул жөнүндө ойлонгула.

Сиз экономистсиз. Көп жерлерде иштеп келдиңиз. Өкмөт менен банк финансылык кредиттик саясатты жүргүзөт дейт. Азыркы убакта акча алмаштыруу жайларына барсаңар сом жок. Бул тенденция эгер токтолбосо, эртең биздин экономикабыз токтоп, бир гана импорт менен жашап калабыз.

Эң акыркысы өнүктүрүү бюджетин жакшы карасаңар. Азыр депутаттардын баары айтып кетти таза суу боюнча. Сиз министр болуп жүргөндө мен Сокулук районунун бир топ проектилери боюнча айттым эле. Чиновиктер 10-15-20 пайызга отуруп алышкан. Ошону алып кетип калып жатышат. А эл болсо ылай суу ичип атат. .

XS
SM
MD
LG