Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

17:29 Cузак районунда диний экстремисттик уюмдун жактоочусу деп шектелген адам кармалды


«Хизб-ут тахрир» партиясынын Сузак айылында жашаган 22 жаштагы жактоочусунан 31 компакт диск алынды. Аталган аудиоматериалдардын диний экстремисттик уюмдарга тиешеси бар же жок экенин аныктоо үчүн алар диний экспертке өткөрүлүп берилет. Мындай маалымат 29-январда обулустук милициянын областтык башкармасынан алынды. Алардын маалыматы боюнча жыл башынан бери жашыруун партиянын жети тарапкери кармалган. Алардан ислам халифатын курууга чакырган 1700дөн ашык баракчалар менен ондогон китеп-журналдар, аудиокассеталар табылган. Кармалгандардын бирөөсүнө кылмыш иши козголгон, экөөнүн иши изилденип бүттү. Бир иш улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG