Кечээ күндүзгү саат үчтөр чамасында Чаткалдын Канышкыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргонсай деген жерде кар көчкү жүргөн. Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бул табият кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды. Кырсыктын себептери аныкталууда. (SM)