Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

НАТО ООГАНСТАНДА БЕЙКҮНӨӨ ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ ЖАРДАМ КӨРСӨТӨТ


АКШ өкмөтү Ирак менен Ооганстанда америкалык аскерлердин чабуулдарынан каза тапкан катардагы жарандардын туугандарына компенсация иретинде миллиондогон доллар төлөп келатат. Бирок, былтыр Ооганстандагы аскердик операцияларды башкаруу милдетин НАТО өзүнө алгандан бери ал жерде набыт болгондордун жакындарына акчалай жардам көрсөтүү иши жолго коюлбай келген. Жаңы жыл алдында гана альянстын өкүлдөрү бейкүнөө жапа чеккен ооган жарандарына жардам көрсөтүлөрүүн билдирди, азырынча бул демилгенин жол-жоболору тактала элек.

- Биздин үй бүлөдөн алты киши өлдү. Андан сырткары 3 уйубуз жан берип, жашап аткан үйүбүз, менин машинем талкаланды. Бул кадимки айыл – аскерлер ушул айылды бомбалап, мечиттер менен кишилер жашаган үйлөрдү да аяган жок.

Бул Ооганстандын Хелманд провинциясындагы Гармсер кыштагынын тургунунун айткандары. Январдын башында ал жерде талиптер жашырынууда деген маалыматтан улам британ аскерлери абадан сокку урган. НАТО күчтөрүнүн кезектеги чабуулунан жакын туугандарын, үй-мүлкүн жоготкон айыл тургуну буга чейин да бөөдө чыгашалар болгондо, эч ким компенсация төлөбөгөнүн, буга караганда талиптер тушунда жашоо тынч болгонун кыжырдана кеп салат.

- Менин үйүмдөн 7 кишинин жаны кыйылды. НАТО биздин турмушту калыбына келтирейин деп келген жок. Карзай чыныгы президент болсо, ушундай карангүнгө туш болмок белек?

НАТОнун Ооганстандагы бөлүгүнүн басма сөз өкүлү Ричард Нужи бейкүнөө тургундардын запкы тартышы – Хелманд жана Кандагар өңдүү провинцияларда альянстын элди өзүнө тартуу аракетин жокко чыгарып жатканын моюнга алат.

- Мен былтыр НАТОнун коопсуздук күчтөрү кетирген жалгыз катачылык – кокустуктан куралсыз жашоочуларды өлтүрүп алуу фактылары болду, быйыл биз андай иштерге жол бербөөгө аракет кылмакчыбыз деп айта алам.

НАТОнун өкүлүнүн бул айткандарын укук коргоо уюмдары кубаттап кабыл алышты. Бирок АКШда жайгашкан Чыр-чатактуу аймактардагы бейкүнөө курмандыктар үчүн кампания аттуу коомдук уюм альянс сөздөн ишке өтүп, атайын фонд түзүшү керек деген пикирде. Вашингтондук уюмдун аткаруучу директору Сара Холевински төмөнкү жагдайларга көңүл бурат.

- Ирак менен Ооганстанда Америка өкмөтү миллиондогон долларлык компенсация төлөп, ал акча жакындарын жоготкондорго, аба соккуларынан жапа чеккен айыл-кыштактарды кайра курууга жумшалууда. Америкалык командачылык атайын жобо кабыл алган – АКШнын бомбалоосунан жапа чеккендер тийиштүү документ толтуруп, тарткан зыяндын ордун толтура алышат. Ооганстандагы операцияларды башкарып жаткан НАТО андай механизмди караштырган эмес.

НАТО жетектеген коопсуздук күчтөрү Ооганстанда былтыр “Медуза” аттуу операция өткөрүп, кеминде 500дөй шектүү талип жоокери жок кылынганын билдирген. Кабулдук тергөөчүлөр ал операция маалында каза тапкандардын арасында бейкүнөө катардагы жашоочулар болгонун айтышат. Укук коргоо уюмдары НАТОнун соккуларынан өлгөндөр чындыгында ким болгонун аныктай турган комиссиянын ишине да атайын фонддон каражат бөлүнмөк деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG