Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:15

ХОЛОКОСТ АПААТЫН ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ ОРУСИЯДА УЛУТЧУЛДАР МИТИНГИСИ ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Эл аралык Холокост курмандыктарын эскерүү күнү болуп жүрсүн деп ал апааттан тирүү калгандар демилге көтөрүп 27-январды тандап алышкан экен. Анын себеби ошол күнү советтик аскерлер (1945-жылы – ММ) фашисттик Освенцим концлагерин бошоткон. Азыр ал апааттан аман калгандар эсеби азайгандан азаюда. Маселен, Маскөөдө азыр фашисттик концлагерлерде камалып аман калгандар бир миң кишиге чукул дешет. Алардын көзү өткөндө мындай апаттын кайра кайталанбашы үчүн жер жүзүндө өлкөлөр аны дайыма эстеп жүрү үчүн Холокост курмандыктарынын күнү белгиленгенин айтышат.

Самара калаасында өткөн митингде Освенцим туткунунда бала кезинде болгон Ева Гарфильд «Азаттыктын» кабарчысына азыркы тушта коом «оору» экенин эскерткен:

«Такыр баштар чыкчу болду. Көрүстөндө эстеликтерди чакчу болушту. Коом бул дарттан айыгып булар менен күрөшүү керек», - дейт.

Ишембиде Маскөөнүн чордонундагы Маяковская аянтта орус улутчулдар «маршы» өттү. Аны уюштургандар «Кандопога – баатыр шаар!», «Абактагыларга эркиндик!» деген жазууларды көтөрүп турушту. Ал жерде өткөн митингде анын уюштуруучуларынын бири Мамдуманын депутаты Николай Куринович өлкөнүн мыйзамына оңдоо киргизүү талбын койду:

«Баарыдан мурда орус улутчулдары менен орус элине кысым көргөзүү үчүн колдонулуп жаткан 282-беренени жоюуну талап кылабыз!» – деди.

Митингге маскөөлүк бийлик уруксат берген эсептеги гана (200 – ММ) киши катышкан. Санкт-Петербургда да жүзгө чукул киши катышкан. Ал арада Маскөөдө Борбордук Азиядан келип эшик шыпырчу болуп иштеп жүргөн кимдир бирөөнү белгисиз бирөөлөр бычактап өлтүргөнү кабарланып биз Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги алдындагы консул Тажимамат Шаболотов менен байланышканда мерт болгон атуул кыргызстандык эмес болуп чыкты.

XS
SM
MD
LG