Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

ЗЫЯРАТЧЫЛАРДЫН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ КОЮЛБАЙ ОН СЕГИЗ КҮНДӨН БЕРИ ЖАТАТ


Сауд Арабиясында ажылык сапардан кайтып келатып, 12-январда жол кырсыгынан каза болгон 21 кыргызстандык зыяратчынын сөөгү дале болсо жерге бериле элек. Аларды Меке же Медина шаарында көмүү боюнча Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү Сауд Арабиянын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошол эле убакта каза болгон адамдардын көптөн бери жерге берилбей жатканын сынга алгандар жана нааразы болгондор да аз эмес.

Каза болгон кыргызстандык зыяратчыларды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрү ушул жылдын 25-январында Даммам шаарында болмок. Бирок кырсыкка кабылгандарды Меке же Медина шаарында көмүү өтүнүчү эске алынып, зыяратчыларды Даммамда көмүү аземин токтотуу чечими кабыл алынган.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат-катчысы Нуржигит Кадырбековдун айтымында, бул маселе кандай жана качан чечилээри азырынча белгисиз:

“Тышкы иштер министрлигинин эки кызматкери каза болгон 21 кыргызстандык зыяратчыны жерге берүү боюнча формалдуу иштердин бардыгын 23-январда эле бүтүргөн. Эми ар бир өлкөнүн өзүнүн мыйзамдары,талаптары бар да. Биз бул маселенин чечилишин тездетүүдө Сауд Арабиянын бийликтерине кысым көрсөтө албайбыз, анткени анда формалдуу жерлер көп, убакытты талап кылат. Ошону үчүн бул маселе качан чечилээрин азырынча так айта албайбыз”.

Сауд Арабиянын мыйзамы боюнча, зыяратчы ал каза болгон жерде көмүлүшү керек. Ал эми набыт болгон ажылар Меке же Медина шаарында көмүлөбү, же башка шаарда жерге берилеби - бул маанилүү эмес. Анткени, Сауд Арабиянын бардык жери ыйык,- дейт “Саясат, дин жана коопсуздук” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, саясат таануучу Орозбек Молдалиев:

“Мусулманчылыктын шартында каза болгон адамды мүмкүн болушунча тезирээк жайына бериш керек. Мисалы, Бишкекке келип бирөө каза болуп, алар сөөктү “Ала- Арча” көрстөнүнө койгула деп талап кылса туура болобу? Анан буларды Меке же Мединага алып барып койгула деген да туура эмес . Мусулмандыктын шартында жүргөн адамдардын арбактарын мынтип кор кылбаш керек. Бул жерде туугандары сабыр кылышы керек”.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгынан жапа чеккендерди Кыргызстанга алып келүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Жаракат алган 10 зыяратчы бүгүн таңкы алты ченде Бишкекке келди. Аларды «Манас» аба майданынан тосуп алуу учурунда нааразылык айтылып, алар кырсыкка кабылганы үчүн ажылыкты уюштурууга жоопкер жетекчилерди айыпташкан.

Зыяратчыларды тосуп алган дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Жолборс Жоробеков кырсык болгону үчүн кимдир бирөөнү күнөөлөш туура эмес экенин белгиледи:

“Мен Кыргызстанга кайтып келгендер менен сүйлөштүм, алардын бары эле ыраазычылыгын билдирип жатат. Бирок Абдулла Юсупов деген жигит баарын козутуп, ажылыкты уюштургандарды күнөөлөдү”,- деди Жолборс Жоробеков.

Кырсыктан жапа чеккен эки кыргызстандык зыяратчынын ден-соолугу оор абалда. Алар Эл Хуфуф шаарында ооруканада дарыланууда. Сауд Аравиядан Кыргызстанга бүгүн кайтып келген зыяратчыларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Айрымдарына Оштон медициналык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды. Буту жаракат алып, баса албай калган төрт адамга Кызыл жарым ай коому тарабынан майыптар коляскасы тапшырылды.

XS
SM
MD
LG