Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

ПЕНТАГОН ӨЛТҮРБӨС КУРАЛ ТҮЗДҮ


Ок дүрмөтүн атылганда килкилдеген суюктукка айлантып салса болоруна ишенесизби? Же душмандын солдаттарын кызтеке кылып салчу курал тууралуу уктуңуз беле? Ал эми өлтүрбөс октун жардамы менен аянттарда же башка коомдук жайларда котологон элди алеки саатта алдаалатып кууп-таркатып салса болот дегенге эмне дейсиз? – Мунун баары эле илимий кыял эмес. Пентагон куралдардын ушундай түрлөрүн түзгөнү миллиондогон доллар каражат сарптап, көп жылдардан бери көшөрө иштеп жатат. Жакында ал өлтүрбөс куралдын алгачкы сынагын өткөрдү.

Жаңы куралды “дудук сакчы” – silent guardian деп аташты. Жакында аны Жоржия штатындагы авиабазада ыктыярдуу түрдө бута болгонго макулдук берген жоон топ журналисттердин жон терисине сынап көрүштү.

“Дудук сакчы” 500 метр аралыкка чейин үттөй ичке нур чачырата алат. Анын нуру дубалды же айнекти көзөп кете албайт, бирок кийим-кечектин бардык түрүнөн оңой эле өтүп, адамдын терисине 0,04 мм тереңдеп кире алат. Териден өткөн нур дене-бойду 54 градуска чейин ысытып жиберет. Жаңы куралга бута болуп беришкен журналисттер ооруксунткан эчтеме сезбегенин, болгону үстүндөгү кийимдери өрттөнүп бараткандай туюлганын айтышты.

Пентагондун аскери адистери “дудук сакчы” менен массалык демонстрацияларды албууттанып, агрессивдүү боло баштаганда алеки саатта тымтыракайын түшүрүп, кууп-таркатып таштаса, мындан тышкары Ирак, Ооганстан өңдүү жаңжалдуу өлкөлөрдө жайкын калк арасындагы бөөдө чыгымдарды кескин азайтса болот деп ишендиришти. “Дудук сакчыны” Пентагон 2010-жылдан тартып сериялык түрдө өндүрүштөн чыгарууну пландаштырып жатат.

Курал-жарактар жагынан белгилүү адистердин бири, германиялык физик, Дортмунд университетинин профессору Юрген Алтман “өлтүрбөс” жаңы курал кадимки эле тамак жылытчу микротолкундуу мештин ыкмасында түзүлгөнүн ырастап,ошол эле учурда анын таптакыр зыянсыздыгы тууралуу кептин ашепке жагы бар экенин да эскертти. “Дудук сакчынын” күчүн 50 градустан ашырбас үчүн болгону 3,5 секунд гана кармаш керек. Андан ашкан кезде, нурдун күчү 60,70,80 градуска жетип, адамдын денеси ылжырап күйүп калышы мүмкүн. Өнө-боюнун 20 проценти экинчи же үчүнчү даражадагы күйүккө чалдыккан адамга интенсивдүү терапия талап кылынат, болбосо анын өмүрү коркунучта калат, дейт Алтман.

Кыскасы, Пентагондун өлтүрбөс куралы кыйла эле суроолорду, күмөн-күдүктөрдү жаратчудай. Айталы, “дудук сакчы” сыяктуу электромагнит куралдарын колдонуу эл аралык кайсы жол-жоболорго ылайык келет? Өтө ийкемдүү бул технология кокус мандемдүү колдорго тийип калса эмне болот? Репрессивдүү өкмөттөр “дудук сакчы” менен демонстранттарды 3,5 секунд атып эле тим болоруна ким кепилдик бере алат?

Ал эми атылган дүрмөттү килкилдеген суюктукка айлантып жиберер же душмандын солдаттарын кызтеке кылып салар куралдарга келсек, алар азырынча долбоор бетинде гана турат. Бирок адистер мунун реалдуу иш болуп калары деле алыс эмес дешет.

XS
SM
MD
LG