Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

АКШнын АСКЕРИЙ ЖЕТЕКЧИЛИГИНДЕГИ ЖАҢЫ ДАЙЫНДООЛОР


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын аскерий жетекчилигинде акыркы мезгилде бир нече өзгөрүү болду. Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы алмаштырылгандан кийин эми Борбордук башкармалыктын жетекчилигине да жаңы адам дайындалды жана талапкер адмирал Уильям Фаллон 30-январда Сенаттын комитетиндеги талкуудан өттү.

АКШнын чет мамлекеттердеги аскерлери бир нече башкармалыкка бөлүнөт, алардын бири болгон Борбордук башкармалыктын кармагына - Африканын чыгыш аймагынан тартып Борбор Азияга чейинки аймакта жаткан 27 мамлекеттеги аскерлер кирет, алардын ичинде Жакынкы Чыгыш, Ирак, Ооганстан жана Пакистан да бар. Ага акыркы мезгилге чейин генерел Жон Абизейд жетекчилик кылып келген, бирок 5-январда президент Жорж Буш атайын билдирүү жасап, анын ордуна адмирал Уильям Фаллонду дайындаган.

Ошол эле 5-январда президент Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы кылып генерал Жорж Кейсинин ордуна генерал Дэвид Петрэусту койгон жана 26-январда Сентаттын Аскерий күчтөр боюнча комитети ага макулдугун берген. 30-январда болсо ошол эле Комитет Уильям Фаллондун да дайындалышын карады. Алтымыш экидеги адмирал буга чейин Тынч океан башкармалыгына жетекчилик кылып келген.

Адмирал Фаллонго берилген айрым суроолорго ал жооп бере алган жок жана маселе менен жакын таанышкандан кийин гана ал суроолор боюнча бир пикирге келе ала турганын билдирди. Комитеттин төрагасы Карл Левин ал тууралуу таң калганын жашырган жок, бирок жалпысынан алганда Комитеттин мүчөлөрү адмиралдын дайындалышын жактырды жана эми маселе Сенаттын жалпы кароосуна коюлат.

Фаллондун пикиринде, Иракка кошумча америкалык аскерлердин жиберилиши азыркы туңгуюктан чыгууга көмөктөшөт, бирок АКШ жетекчилиги өтө чечкиндүү аракеттенүүгө тийиш. Коопсуздук үчүн жоопкерчиликти Ирактын өзүнүн өкмөттүк күчтөрүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени болсо адмирал азырынча жакшы билбегенин ачык айтты жана айрым башка жергиликтү маселелер боюнча дагы ал дипломаттар менен сүйлөшүш керек экенин билдирди.

Комитет мүчөсү сенатор Эдвард Кеннеди болсо - Ирактагы абалды жөнгө салыш үчүн анын кошуна мамлекеттери Иран жана Сирия менен сүйлөшүү жүргүзүү керекпи деп сурады жана адмирал Фаллон ага каршы эмес экенин айтты: "Менин тажрыйбам боюнча, түзүлгөн абалды жакшы түшүнүүгө кээде башкалардын аракеттерин же ойлорун туура эмес баалагандык коркунучтуу тоскоолдук болот. Ошондуктан андай сүйлөшүүлөргө мен каршы эмесмин", - деди адмирал.

Президент Буш жакында АКШнын Ирактагы саясатындагы жаңы стратегияны жарыялады жана бир топ саясатчынын сунуштарына карабастан, Буш Иран жана Сирия меен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартууда. Борбордук башкармалыкка жетекчи болуп адмирал дайындалып жатканын болсо айрым эксперттер - Вашингтон Иранга каршы дагы аскерий аракет көрүүгө даярданып жатат деп чечмелөөдө.

XS
SM
MD
LG