Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

14:45 Кичи Кеминдеги уулуу заттар төгүлгөн жай Чехия өкмөтүнүн жардамы менен тазаланды


1964-жылы Кичи Кемин суусунун оң тарабындагы Кулаганташ деген жерге химикаттар кошулган ылай толуп кеткендиктен, тосмосу жарылып, андан чыккан уулуу заттар дарыяга кошулган. Анын кесепетинен үч айылды химикат кошулган ылай суу каптап, бул жакта экологиялык коркунучтуу жагдай түзүлгөн. Совет бийлигинин тушунда бул жайды коопсуздук чаралар толук көрүлгөн эмес экен. Өзгөчө кырдалдаар министрлигинин басма сөз катчысы Алмаз Абдраимовдун билдиргенине караганда, жакында Чехия өкмөтүнүн жардамы менен аталган жердеги химиялык элементтердин калдыктары зыянсыз жайга көмүлдү. Кичи Кемин суусунун жээгинде уулуу заттар көмүлгөн, тазалана элек дагы төрт жай бар. Чех адистери ал жерлерге иликтөө иштерин жүргүзүп кетишти.(JJ)

XS
SM
MD
LG