Былтыр ноябрдагы үн тасма чатагы боюнча Асия Сасыкбаева ушуну менен бешинчи жолу суракка чакырылды. УКК өкүлдөрү бул ирет сурактын жүрүшүн видеотасмага тартмак болушкан, ага Асия Сасыкбаева эмне себептен сурак видеотасмага тартылганы жатат деп тергөөчүдөн сураганда, буга тергөөчү Айваз Кадыров жинденип, укук коргоочуну коркутуп-үркүтө баташаган .
Асия Сасыкбаеванын айтымында, УКК өкүлүнүн орой мамилесинен улам ал адвокатты чакырткан. Бирок буга чейинки сурактардын протоколдорун сураган адвокатка тергөөчү бир гана жолугушуунун протоколун берип, тергөө ишине тоскоолдук кылып жатасыңар деп жинденген.
Негизинен “Дискет-гейт” кылмыш иши боюнча 18 адам күбө болуп өтүүдө. Учурда бир да адамга айып тагыла элек болгону менен бул иш чубактын чуусундай чубалып келатат жана аны талдоочулар оппозицияга кысым катары бийлик пайдаланып келатат деген пикирлерин айтышууда.
Асия Сасыкбаеванын өзү болсо тергөөчүлөр ага күбө катары эмес, кылмышкер катары мамиле жасап жатышат дейт:
“Мени видеотасмага тартпагыла деп чыгып кетсем, башка бир бөлмөдөн башка бир тергөөчү чыгып, мени күч менен колуман алды. “Колуңду ал, мени кармаганга укугуңар жок“, дедим. “Сиз коноко келген жоксуз, сиз УККдасыз”, деп тергөөчү мага орой айтты. Мындан кийин мен бул жерге өзүм барбайм, менин адвокатым барат. Булар менен мындан ары да тирешкендей алым жок. Эгерде биздин УККнын ушинтип аялдар менен кармашкандан башка иши жок болсо, анда башка бирөөнү кармап мыжый беришсин”,- деди Асия Сасыкбаева.
Биз бул маселе боюнча УКК өкүлүнө кайрылып, маалымат алууга аракет кылдык, бирок андан эч майнап чыккан жок. Ал эми “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев Асия Сасыкбаеванын мындай дооматтары негизсиз деген пикирде:
“Асия Сасыкбаева укукту билген адам, анан мага чакыруу кагазын жөнөткөн эмес, мамилеси мындай болду, тигиндей болду деп, ушинтип айтканын түшүнбөйм. Анда барбай эле коюш керек болчу. Жүз адамдын ичинен 99 өзүнүн күнөөсүн мойнуна албай, башка бирөөнү күнөөлөй берет, бул жерде да ушундай болуп жатпайбы”,- деди Топчубек Тургуналиев.
Буга чейин бул чуулгандуу үн тасма боюнча “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү θмүрбек Абдрахманов, “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов, социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев жана “Эл эрки” кыймылынын лидери Болот Байкожоев суракка алынган.
θмүрбек Абдрахманов үн тасма жашыруун жазылып алынгандан кийин, бул боюнча кылмыш ишинин козголушунун өзү мыйзамсыз деп, муну “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрүнө кысым катары баалады:
“Албетте бул атайылап уюштурулган басым болуп жатат. Төңкөрүш жасаганы аракеттенген деп айып тагып жатышат. Ал эми Акүйдү басып алып, баш мыйзамды тебелеп тепсеп, 24-мартта төңкөрүш кылгандарды эмне үчүн суракка албайт. Биринчи ошолорду суракка алышы керек”.
Ал эми башкы прокурор Камбараалы Конгантиев кылмыш иши жеке бир адамга каршы эмес, жазылган үн тасманын табылышы боюнча козголгонун мурда айткан эле:
“Бул иш боюнча азыр тергөө жүрүп жатат. Ошондуктан чакырган жерге барып, болгонун болгондой, ачык жооп бериши керек”,- деди Камбараалы Конгантиев.