Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

ҮЙ КЕЗЕГИ, ӨКМӨТТҮН УБАДАСЫ, МААЛКАТКАН ИНВЕСТИЦИЯ


Кыргызстандын 160 миң ашуун кожолугу үй-шартын жакшыртууга муктаж. 15 миң ашуун үй-бүлө жатаканаларда жашайт. 2010-жылга чейин Кыргызстанда 1 миллион ашуун чарчы метр турак-жай курулушу белгиленүүдө. Ага 15 миллиард ашуун сом сарпталмакчы. Бул маалыматтар Бишкектин «Жал» кичирайонунда 200 үй-бүлөгө арналып салынчу социалдык үйдүн жерпайын түптөө аземинде айтылды.

Анда чыгып сүйлөгөн президент К.Бакиев ушу тапта жалаң бюджеттин көзүн караган чынчыл кызматкерлердин көбүнүн үйү жоктугун, Бишкек баш болгон ири шаарларда тамдын баасы асманга чыгып, аны жалаң чөнтөгү калыңдар гана сатып алып жатканын белгиледи.

Жыйында жылдан-жылга курчуп бараткан социалдык оор маселени чечиш амалында мындан ары ипотекалык кредиттин эсебинен үйлөр арбын курула тургандыгы, социалдык аялуу катмардын өкүлдөрүнө арналып муниципиалдык үйлөр түшө тургандыгы айтылды.

- Маселе аябай курч бойдон калууда. Ошон үчүн Бишкектин түштүк жагында 6 кичирайонду салуу белгиленүүдө. Анда 150 миңден ашуун адам жашайт,- деп билдирди президент К.Бакиев.

Мамлекет башчынын айтуусунда, 2010-жылга чейин 1 миллион ашуун чарчы метрлик үй курулуп, ага 15 миллиард сомдук инвестиция жумшалмакчы. Анын 1 миллиард сомун Кыргызстан өз бюджетинен чыгармакчы.

Бишкектин «Жал» кичирайонунда 200 үй-бүлөгө салынчу жаңы эки үйдүн жерпайын түптөө аземи чылгый чиновниктердин гана катышуусунда өттү. Карапайым элге делген иш-чаранын жардамга муктаж калк өкүлдөрү жок өтүп жатканына эмгек ардагери Таштилла Аманова таң калганын жашырган жок.

- Анан бул жерге келгенде эле чоңдорду киргизип бечараларды киргизбей тетигил жакка тургузуп коюшту. Бул кандай эми?

«Жал» кичирайонунун тургуну Нина Левочкина болсо пенсиялардын өтөле аздыгын, ал коммуналдык төлөмдөрдөн ашпай жатканын белгиледи.

- Квартирага төлөйбүз, жарык, телефонго кетет, аш-тамакка калбай деле калат 1200 сом пенсиябыз,- дейт Н.Левочкина.

Бишкек шаарында бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн салынчу үйлөр гана жетишпестен, унаа маселеси да курч бойдон калып жатканын Бишкек шаардык транспорт департаментинин жетекчиси Абдыжапар Абдыкеримов айтты.

- Шарда күнүгө 150 – 180 троллейбус жүрүп туруш керек. Ошондо калктын муктаждыгын биз камсыз кылышыбыз мүмкүн. Бул троллейбустар гана боюнча. Автобустар да жүрүшү керек, чоң автобустар.

«Жал» кичирайон кеңешинин төрагасы Виктор Самохвалов жаңы үйлөр арбын курулганы менен аларды жылуулук менен камсыз кылуу маселеси чечилбей жатканына токтолду.

- Мынабул жылуулук бергичтердин күчү жетпей калат деп биз чочулап жатабыз.

Азем учурунда президент К.Бакиев жаңы өкмөт түзүмүндө чоң дегидей өзгөрүү болбогонун, мурдагы өкмөт башчы Феликс Куловго каалаган кызматты берүүгө даяр экенин маалымдады. Бирок да Ф.Куловго берилчү жаңы кызмат парламент алдында эсеп-кысап бербеши керек.

XS
SM
MD
LG