Баткен облусунун аймагында бүгүн кечке жуук, 16:52де дагы жер титирөө болду. Жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынын түштүк-чыгыш тарабынан 30-36 чакырым аралыктагы тоолордо катталып, күчү беш баллга жеткени аныкталды. Силкинүүнүн күчү Баткен шаарында 3,5-4 баллга жеткени байкалды. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жапа чегүүлөр болгон жок. Атайын адистер жер титирөөнүн очогуна жакын калктуу аймактарга жөнөп кетишкенин чукул кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынан кабарлашты. (SM)