Бул тууралуу премьер-министр Азим Исабеков Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Джеймс МакХью менен болгон кечээги жолугушууда билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, бул маселе боюнча өкмөттүн чечими Жогорку Кеңешке берилет. Ал ошондой эле президенттин чечими менен түзүлгөн жумушчу топ учурда тышкы карызды чечүүнүн башка варианттарынын үстүндө иштеп жатканын да билдирди.(SM)