30-январда шийи мусулмандары шейит кеткен имам Хусейнди эскергени менен байланыштуу Ашура деп аталган фестиваль өткөрүлүүдө. Имам Хусейн Мухаммед пайгамдардын небереси болгон жана 680-жылдын 10-октябрында азыр Ирактын аймагындагы Кербала деген шаардын алдында өлгөн.
Ашура менен байланыштуу Ливандагы митинг-демонстрациялар дагы токтотулду, ал тууралуу азыр Бейрут шаарында жүргөн "Фарда" радиосунун кабарчысы Ахмет Рафат минтип билдирет: "Ливандагы абал азыр тынч, анын негизги себеби - бардык шийилер азыр эскерүү чараларын көрүүдө. Касташкан саясий күчтөр - имам Хусейнди эскерген Ашура аяктаганга чейин өз аракеттерин токтотууну чечти. Мектептер менен университеттер эмки жумага чейин жабылды, бирок өткөн аптада болгондой, эмки аптада дагы шийи жана сунни студенттери ортосунда кайрадан жаңы кагылышуулар чыгат деген чочулоо бар", - дейт Рафат.
25-январда студенттик жатаканадагы ашканада шийи жана суннилер ортосунда кагылышуу чыгып, ал көчөлөргө да тарап кеткен жана аны өкмөттүк аскерлер араң баскан, Бейрут шаарында атайын түнкү тартип киргизилген, бирок кагылышуулардан беш адам курман болду.
Ага чейин оппозиция Бейруттун борбордук аянтында чатыр тигип, өкмөттүн кызматтан чегинишин талап кылып, пикет баштаган, бирок студенттик кагылышуудан кийин абалды курчутпас үчүн алар өз пикетин убактылуу токтотту.
Оппозиция азыркы премьер-министр Фуад ас-Синиоранын өкмөтүн батыштык саясат жүргүзүүдө деп күнөөлөйт жана "Хизбалла" уюмун жактаган бир нече министр кызматынан чегинип, өткөн ноябрда өкмөттөн чыгып кеткен.
Улуттук келишим өкмөтүнүн түзүлүшүн президент Эмиль Лахуд жана парламент спикери Набих Берри дагы колдойт, бирок парламенттеги көпчүлүктүн жетекчиси Саад Харири аракеттерин жактайт, ал 29-январда Маскөөгө келип, орус жетекчилери менен жолугуп кетти. Хариринин атасы, Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харири 2005-жылдын 14-февралында өлтүрүлүп кеткенден кийин абал өтө курчуду.
Ливан өкмөтүнө каршы чыккандардын артында кошуна Сирия жана Иран турат деп АКШ президенти Жорж Буш көп айтып келет. Бирок жакында Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани Сауд Арабиянын коопсуздук маселелер боюнча жогорку кеңешчиси ханзада Бандар бен Султан менен Эр-Рияд жана Тегеран шаарында эки жолу жолугуп, Ливандагы абалды жөнгө салуу жөнүндө талкуу өткөрдү.
Студенттер арасында чатак чыккан 25-январда болсо Париж шаарында эл аралык конференция өткөрүлүп, Ливанга 7 млрд 600 млн доллар жардам көрсүтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. АКШ президенти болсо Конгресске кайрылып, Ливан өкмөтүнө 770 млн доллар жардам көрсөтүш керек деп билдирүүдө, былтыр Вашингтон Ливанга 330 млн доллар берген. Анын менен америалык жардамдын көлөмү бир миллиард долларга жетет.
Бирок "Хизбалланын" жетекчиси шейх Хасан Насралла - Бейруттагы пикеттер өкмөт кызматынан кетмейинче уланат деп билдирүүдө. Анын айтымында, өкмөттүк аскерлер аларды атып өлтүрө баштаса дагы митингчилер аянттан кетпейт, ошондуктан азыркы тыныгуу убактылуу гана деген пикирлер күчтүү.