Биринчи дүйнөлүк согуш тушунда Туркияда армяндардын массалык кыргынын геноцид деп тануу жөнүндө АКШ Конгресси резолюция кабыл алса, Ак Үй каршы чыгат. Бул тууралуу АКШнын Түркиядагы элчиси Росс Уилсон билдирди. Резолюциянын долбоору шейшембиде Конгресске киргизилген. Ак Үй бул долбоор АКШ менен Түркия ортосундагы мамилелерди бузат деп эсептейт. Элчи Уилсондун айтымында, бир жарым миллиондой армяндардын өлүмү “кайгылуу окуя” катары сыпатталышы керек.