Режиссер Талгат Асыранкуловдун «Бейиш куштары» көркөм тасмасы Белград, Висбаден жана Карловы Вары кинофестивалдарынын сынагына катышуу үчүн чакырууларды алды. Учурда фильм видео тасмага түшүрүлгөн. Бирок, мындай денгээлдеги сынактарга катышуу үчүн ал кино тасмага көчүрүлүшү керек. Мамлекеттик кино-видеокомпаниянын тасмаларды жайылтуу боюнча адиси Гүлбара Төлөмүшова «Азаттыкка» маалымдагандай, каражаттын тартышытыгына байланыштуу, «Бейиш куштары» аталган кинофестивалдарга катыша алары күмөн. (JTo)