Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

БАКИЕВ КУЙРУГУ ЖОКТОРГО ТАЯНУУДАБЫ?


«Алас» гезити, коомдук ишмер, көп жылдар бою бийликтин Акүйүндө да, Көкүйүндө да иштеп келген Касым Исаевдин «Кыргыз бийлигинин бейнесин» сүрөттөгөн баянын жарылап жатат. Анда, Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери И.Раззаков, Т.Кулатов, А.Сүйөркулов үчөө тең түштүк кулундары болушканын, алардын адамгерчилик улуу сапаттарынын бири элди экиге бөлбөй, уруу-урук деп майдаланбай, эл-жер деп көкүрөгүн чокко тоскон таза адамдарга гана таянып иш кылышканын, Т.Усубалиевдин келиши менен жердештикке, трайбализмге жол ачылганын, Акаевдин келиши менен кадр саясаты жалаң жердештик менен регионализм дартына кабылганын, Бакиев бийлигинде деле кардиналдуу өзгөрүү болуп жыргатпаганын, кайта эле Усубалиев-Масалиев-Акаев заманындагыдай бийликке «ляппай» деп баш уруп, ошол эле убакта куйругун карматпаган, бир кездеги комсомол жолбашчыларына таянып алганын, алар- М.Абдылдаев, М.Садыркулов, Т.Табылдиев, А.Жекшенкулов, А.Жапаров, О.Абдыкалыков, Ю.Тойчубеков ж.б. экендигин айткан.

«Апта» гезити айрым бир саясаттын сары изине чөп салгандардын алдын ала сезгендерин бетке кармап, Акаев доорунан бери эле майталкан кызматтардын маңызын татып, азыр Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткарып жаткан Ж. Үрүстөнбековдун үзөнгүдөн буту тайарына саналуу сааттар калганын, мындай «кырсык» «кыргыз катаниси» аталган генерал Ө.Суваналиевди да кыйып түшөрүн, бир тууган Бакиевдерден Суваналиевди сулаткандан көрө, бир тууган Коңгантиевдерди кулатсаңар болбойбу, деп айтар адам жок болуп жатканын жазуу менен Бакиев үчүн Павлик Морозовчо кызмат кылган А.Келдибеков жакын арада каржы министринин папкасына ээ болорун божомолдоп салды.

Президент Н.Назарбаев акырындап эл-жерин казакташтырып жатканын, дүйнөнүн туш тарабына чачылган үч миллиондон ашуун казакты Мекенине жыйнап келип, иштээрине иш, ашаарына аш, жашаарына үй бергенин, эми жалаң казак тилине өтө баштаганын айтып чыкты «Айкын» гезитине жарыялана баштаган маектешүүсүнүн алгачкы бөлүгүндө, депутат Азимбек Бекназаров. Ал анан, кыргыз бийлиги дале Маскөө эмне дейт, Батыш эмне дейт болуп бүжүрөп олтурганын, Адилет министринин милдетин аткаруучу М.Кайыпов мырза министрликти кыргыз тилине өткөрсө орус тилдүүлөр «эң тупой» министр деп чуулдап чыгышканын, өзүн да «орус тилин билбейт, билимсиз» деп аташканын, эгер андай экен, өз эне тилин билбеген Куловду эмне үчүн билимсиз деп айтышпайт, демек, көрдүңөрбү, Кыргызстанда дагы эле баягы «старший браттык» саясат үстөмдүк кылып келатканын, дейт «Асаба» саясый партиясынын жетекчилеринин бири А.Бекназаров.

«Лица» гезити америкалык Джон Перкинстин « Исповедь экономического убийцы» деген китебинен үзүндү жарыялоону бул санында да уланткан.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG