БИШКЕК. Депутат Тайырбек Сарпашевдин бүгүн парламентте билдиргенине караганда, "матрешка чатагы" боюнча парламенттик иликтөө азырынча аягына чыга элек. "Биз азыр бир-эки документ күтүп жатабыз, алар колго тийгенден кийин бул иштин жыйынтыгын чыгарабыз", деди Т.Сарпашев. Сентябрь айында Варшава аба майданында мурдагы төрага О.Текебаевдин жүгүнөн маңзат чыккан жана Польшанын соту Текебаев саясий ыплас оюндардын курмандыгы болду деп, бошоткон болчу. (КО)