Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:22

КАРАСУУ БАЗАРЫНАН КЫТАЙЛЫК СООДАГЕРЛЕРДИ КУУГАН ЖАТЫШАТ


Кубанычбек Жолдошов, Ош Фергана өрөөнүндөгү ири соода бирикмелеринин бири Карасуу базарында жергиликтүү ишкерлер чет элдик соодагерлердин чыгып кетүүсүн талап кылган митинг өткөрүштү. Анда алар бул жерде иштеп жатышкан чет элдиктер ата мекендик ишкердиктин өнүгүшүнүн жолун бууп жатышат деп айыпташты. Мындан сырткары митингдин жүрүшүндө анын катышуучулары Кытайлык демографиялык экспансия коркунучунун алдын алуу жагдайларын да айтышып, бийликке кайрылуу кабыл алышты.

Колдоруна “Кыргызстан коркунучта”, “Кытайлык ишкерлерге бул жерде жай жок”, “Чет элдик жемсөөлөрдү колдогон саясатчылар жоголсун” деген сыяктуу ураандарды колдоруна көтөрүшкөн жергиликтүү ишкерлер кыргыз өкмөтүнүн чет элдик ишкерлердин ири соода бирикмелеринде иштөөсүн чектөө боюнча токтомун күчүндө калтыруу талабы менен чыгышты. Анда алар Кытайлык ишкерлер бирдей өлчөмдө салык жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөбөстөн туруп товарларды арзандатып сатуу менен жергиликтүү соодагерлерди сүрүп чыгып жатат деп айыпташты.

- Кытайлык ишкерлер кетсин. Биздин талабыбызды чечип бербесе биз эч жакка кетпейбиз. Керек болсо ушул жол менен Бишкекке, Акүйгө чейин барабыз,- деди жергиликтүү соодагер Нургул Жумаева.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда Карасуу базарында болгону 1500 адамга гана уруксат берилгендигине карабастан 4000 ден ашуун Кытайлык ишкерлер соода кылышат. Митингдин жүрүшүндө чыгып сүйлөгөндөрдүн айрымдары кытайлык ишкерлердин көбөйүшү ата-мекендик ишкердиктин өнүгүшүнө гана тоскоолдук кылбастан демографиялык экспансия коркунучун пайда кылып жаткандыгын айтышты.

-Биз дайыма чыгымга учурап калабыз. Бул жерде эң чоң маселе жатат. Төрт жылдын ичинде 4 миң деген жөнөкөй гана кичинекей эсеп. Дагы бир төрт жылдан кийин биздин балдарыбыздын келечеги кандай болот, - дейт жергиликтүү ишкер Камила Саипова.

Ал эми митингчилердин алдына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн атынан миграция боюнча агенттиктин райондук бөлүмүнүн жетекчиси Зарлыкбек Турганбаев чыгып сүйлөп, чет элдик ишкерлерге карата одоно мамиле кылууга мүмкүн эмес экендигин айтып, бардыгы мыйзамдын чегинде жөнгө салына тургандыгына токтолду.

-Эми ар кимиси өзүнүн талаптарын коюп жатат. Ал токтом күчүндө. Аны эч ким алып салган жок,- деген оюн билдирди миграция боюнча райондук бөлүмдүн жетекчиси Зарлыкбек Турганбаев.

Ошол эле митингдин учурунда Кытайлык ишкерлердин Карасуу базарында иштеши карапайым сатып алуучулар үчүн товарлардын арзан болушу багытында бир кыйла ыңгайлуу деген пикирлер да орун алды. Бирок, мындай пикирдеги адамдарга чыгып сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилген жок.

Жергиликтүү талдоочу Токтобубу Матисакова болсо Кытайлык ишкерлердин Кыргызстандагы соода жайларында иштөөсүнө чек коюуудан экономикалык кесепеттер пайда болушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.

-Бир гана биз Кытайлык ишкерлерди куугунтукка ала турган болсок анда бизде кыргыз-кытай байланышы таптакыр үзүлүп, ишкерлерге тоскоолдук болуп, бизнестери токтоп калышы мүмкүн. Экономикага тийгизген тескери жагдайлар жаралып калышы мүмкүн,- дейт жергиликтүү талдоочу Токтобүбү Матисакова.

Чет элдик ишкерлердин соода жайларындагы ишмердүүлүгүн чектоо боюнча өкмөттүн токтомун күчүндө калтырууну колдоо митингинин аягында мамлекет башчысынын атына кайрылуу жолдонду. Кайрылууда ата-мекендик ишкердикти колдоо үчүн чет элдик ишкерлерге карата күчөтүлгөн чараларды тез арада көрүү талаптары коюлган.

XS
SM
MD
LG