Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

БОРБОР АЗИЯ: БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ БАЙКУШ АБАЛДА


“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму 2006-жыл журналисттер үчүн өтө кайгылуу жыл болду деп эсептейт. Былтыр маалымат топтоп жүрүп ажал тапкан 81 кабарчынын өлүмү - 1994-жылы Руанда, Алжир жана мурдагы Югославияда согуш тутангандан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Алардын 61и Иракта каза тапты.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун жаңы отчетунда өткөн жылы Борбор Азияда басма сөз эркиндигинин абалы мурдагыдан начарлай түшкөнү айтылат. Атап айтканда, уюм отчетундагы регионго арналган бөлүмдө казак өкмөтү массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин катуу чектеген мыйзам кабыл алганын, Түркмөнстанда Куба, Түндүк Кореядагыдай дүйнөдөгү эң куугунтукчул режим өкүм сүрүп жатканын, “Азаттыктын” Ашгабаттагы кабарчысы Огулсапар Мурадова абакта каза тапканын мисалга келтирет.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун мурдагы советтик өлкөлөр боюнча адиси Елса Видал чөлкөмдөгү абалга төмөндөгүчө токтоло кетти.

- Борбор Азияда бизди эң көп тынчсыздандырганы, албетте, Түркмөнстан. Экс-президент Сапармурат Ниязов көз жумгандан кийин кырдаал өзгөрөбү деген үмүт пайда болду эле, бирок азыркыга дейре басма сөз эркиндиги багытында бир да кадам жасала элек. “Азаттыктын” кабарчысы Ашгабаттагы түрмөдө каза тапты, андан мурдараак камалган дагы эки журналисттин тагдыры белгисиз бойдон.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун жаңы отчетунда Түркмөнстан Түндүк Корея менен бирге дүйнөдөгү сөз эркиндигинин эң чоң душманы аталган. Видал айым андан аркы сөзүндө Өзбекстанга да токтоло кетти.

- Өзбекстанда дээрлик бардык чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жок болуп кеткенине күбө болдук. Алар менен кошо укук коргоочулар катуу кысымга алынды. Акыркы мисал катары өткөн апталарда эле көз карандысыз журналист жана коомдук активист Умида Ниязованын камалганын айтсак болот. Тилекке каршы, ал жасалма кинелер менен камалган биринчи, же акыркы адам эмес.

Чек арасыз кабарчылар уюмунун докладында Орусиялык журналист Анна Политковскаянын киши колдуу өлүмүнө атайын бөлүк арналган. Жыйынтыктай келгенде, Орусия менен Беларуста былтыр бийликтегилер басма сөз каражаттарын, телерадиокампаниялардын ишмердигин катаал көзөмөлгө алганы ачык эле байкалат, - деп тынчсызданат эл аралык уюм. 2005-жылкы саясий өзгөрүүлөрдөн кийин көп нерседен үмүттөндүргөн Кыргызстанда, Чек арасыз кабарчылар уюму белгилегендей, сөз кылаарлык жылыш болгон жок. Тескерисинче, саналуу көз карандысыз телекампаниялар куугунтукка кабылып, бийликтегилер алардын акционерлерин алмаштыруу аркылуу өз сөзүн сүйлөгөндөрдүн колуна өткөрүп берүү ыкмасын колдонушту.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG