Маркумдардын сөөгү жерге берилишине байланыштуу бүгүн Кыргызстандын жума намаз окулчу бардык мечиттеринде алардын арбагына багышталып куран окулат. Бул тууралуу муфтий Муратаалы Жуманов кечээ кечинде кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу өлкө мусулмандарына жасаган кайрылуусунда билдирип, маркумдардын жасаты Мекке же Медина эмес Даммам шаарына коюлушун жакындары туура кабыл алганын белгиледи. (SM)