Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

МЕНЧИГИН ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРГЕН БАЛДАР МЕКЕНИН ЧАНЫП КЕТКЕН ЖАТАТ


“Мээрим булагы” балдар үйү жана Кыргызстан кесиптик кошундар федерациясынын ортосундагы чыр-чатактар дагы деле уланууда. 14 жыл мурун Кыргызстан профсоюздар борбордук комитетинин кызматкери Афанасий Карюгин Ысыкатадагы эс алуу жайын, бассейни менен кошуп менчиктештирип алып, кийин ал Орусияга кетеринде имаратты Түптөгү «Мээрим булагы» балдар үйүнө белекке калтырган. Эс алуу үйүнүн мыйзамды бузуу менен менчиктештирилгенин айтып, профсоюздар борбордук комитети сотко кайрылып, өзүнө менчикти кайтарып алган. Бирок, балдар үйүнүн өкүлдөрү мындай чечим менен макул болбой, Чүй областтык сотуна кайрылып, сот жараяны кайра башынан башталууда.

Карюгин Афанасий Ысыкатадагы эс алуу жайын балдар үйүнө өткөрүп берерден мурда, бул жай жалгыз гана «Мээрим булагы» балдар үйү үчүн эмес, Кыргызстандын балдары үчүн да колдонулсун деп өтүнгөн. Албетте, Карюгин мырзанын өтүнүчү эске алынат, бирок, тилекке каршы, бул ой-максаттарды толук ишке ашырууга тоскоолдук берип жатышат, дейт «Мээрим булагы” балдар үйүнүн жетекчиси Гүльнара Дегенбаева.

- Мээрим булагында азыр алтымыш эки бала бар. Алардын курагы үч жаташн он жети жашка чейин. Бизден талашып жаткан жерде ден соолукту чыңдоочу жана калыптандыруучу боорбор уюштурганбыз. Бул боорбор жалаң гана «Мээрим булагынын» балдары учун эмес, бүткүл Кыргызстандагы жетим балдар, инвалиддер үчүн иштейт.

Балдар үйүнүн адвокаты Динара Курманалиева иштин юридикалык тараптарына токтолуп кетти.

Буга чейинки сот жыйындарында профсоюздар федерациясынын пайдасына чечим чыгарылып келген. Бирок, бир дагы жыйында менчик укугу такталган эмес, башкача айтканда талаш мүлкү профсоюзга таандык экендигин тастыктаган бир дагы документ жок. Бирок, буга карабастан баардык сот инстанциялары уставдын негизинде мүлк профсоюздар федерациясына таандык деген чечим чыгарган. Бирок жарандык кодекс боюнча мүлккө болгон укуктарды далилдөөчү документтер мамлекеттик каттоодон өтүшү зарыл. Негизи эле адам укуктары тармагындагы абалды алып карасак, балдардын укуктары эле эмес, бардык тармактарда мыйзам сакталбай келе жатат .

Ал эми Кыргызстан профсоюздар федерациясынын өкүлү журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Азыр балдар үйүнүн жетекчисинин айтымында, 4 Европалык өлкө балдар үйүнүн кызматкерлерине жана балдарга саясий башбаанек сунуштап жатат.
Эгерде сот кайра эле мурдагыдай чечим чыгара турган болсо, анда биз Европалык өлкөлөр сунуштап жаткан саясий башбаанекке макул болууга аргасыз болобуз го, бирок биз үчүн Мекенибизден кетүү кайгылуу факт болмок дейт Гүльнара Дегенбаева.

"Балдарыбызды биз патриоттук дух менен, элин, жерин сүйүш керек деп тарбиялайбыз. Чындыгында биз Кыргызстандан кеткибиз келбейт. Өзүбүздүн жерибизди таштап, кантип кетебиз?Бирок биздин укутарыбызды бузуп жаткандан кийин, айла жок, кеткенге туура келип калат. Бүгүн эгерде биздин наныбызды тартып алса, эртеси көчөдө калып калсак, бизди коргой ала турган эч ким жок болсо эмне кылабыз?"

1-февралда Чүй областтык сотунда балдар үйүнүн профсоюздар федерациясы менен болгон мүлк талашууга тийиштүү сот жараяны болмок. Бул ирет доогер катары федерация эмес “Мээрим булагы” балдар үйү чыгат. «Мээрим Булагы» жогоруда аталган мүлктүн ээсин аныктоо өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. Бирок сот коллегиясынын жоктугунан жараян башка күнгө жылдырылган.

Бермет Эгембердиева, Азаттык

XS
SM
MD
LG