Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 03:13

ЖАҢГАК ЫЙЫ


Бүгүн көр дүйнө үчүн эч нерседен кайра тартпай турган зөөкүрлөрдүн намазын окутуп кое турган өлкөдө мыйзамдуу бийлик жоктугунан улам жаңгак токоюнун кыйылып, таланып-тонолоуп, сатылып келатканы токтойлек. Акыркы бир жарым жыл ичинде эле жалпы саны 2 миң тоннадан ашуун 1600 жаңгак уюлу кыйылып сатылган. Өлкө тарткан зыян миллиондогон сомдордун башын чапчып жыгылган. «Кыргыз туусу» гезити мына ушул жаңгактын таланып жатканына арналган макала басты.

-Бизди аерде олтургандар… биз төлөгөн салык менен жашагандарына карабастан ушунчалык жек көрүшот дейсиз, жадагалса көрөйүн деген көздөрү жок. Таңдан кечке кенедей кагазын толтуруу үчүн кезекте турганыбыздын өзү эле алардын канын кайнатып, кыжырын келтирип турат. Эмне үчүн ушундай?,-деп жазган «МСН» гезити, жарандардын паспорт алуу көйгөйүнө , андагы майда чиновниктердин маданиятсыздыгы менен мерестигине токтолгон.

«Кыргыз руху» гезити, бир айыл элди экиге бөлүп, бүтпөгөн ызы-чууга апкелген Таластагы кен чатагына кайрылып, «Кумтөр» бербеген пайданы Андаш кени бермек беле, деп жазды. Ошондой эле бул гезитке бир катар саясый партиялардын, коомдук бирикмелердин, бейөкмөт уюмдардын президент К.Бакиевге, премьер-министр А.Исабековго кайрылуу каты жарыяланды. Анда генерал Ө.Суваналиевдин айланасындагы саясый ызы-чуунун токтотулушун суранып , кылмыш дүйнөсүнүн тамагына кылкан болуп тыгылган элдик генералды кызматтан четтеттүү бийликтин кылмыш дүйнөсү менен коюн-колтук аралашып кетти дегенин билдирет, деп айтылган.

«Жаңы кылым» гезити «Жаңы Кыргызстан» саясый партиясынын жолбашчысы Үсөн Сыдыков менен партиянын жүргүзүп жаткан иштери, келечектеги орду, шайлоого даярдыгы тууралуу баарлашты.

«Жаңы ордо» гезити, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев менен маектешти. Айтылуу саясатчы азыркы оппозиция ноябрдагы митингде Куловду кетирип, Кулов кетсе Бакиев да кетет деп ойлогонун, ошентип, бийликке кайра эле Куловду отургузмакчы болгонун, тилекке каршы, анынн мындай арам оюу ишке ашпай калганын, ал эми Куловдун жеке өзү болсо, башынан эле колунан келсе да, келбесе да бийликке жулуна бермей кесели барын шашпай баяндап берген.

«Агым» гезити, депутат К.Ташиев менен экс-депутат Т.Шайлиеваны сөзгө тартып, экөөнө Түндүк-Түштүк маселесинин курчуп жатышын эмнеден көрөсүздөр, деп суроо салганда, Токон айым, айрым түштүктөн кызматка келген кадрлар өзү менен кошо 7-8 кишисин кошоктой келип жатканын, эң жаманы, алар кызматка адистиги жарайбы, жарабайбы, бир нерсени билеби, билбейби, ага карабастан эле коюп жатканын айтса, депутат Камчыбек Ташиев, кыргызды түндүк-түштүккө бөлгөн саясатчыларды эл душманы деп эсептээрин, бүгүн түштүктөн адам көбөйүп кетти деген сөз Акаев саясатынын кесепети экендигин, болгону бийликте теңдештирүү саясаты гана жүрүп жатканын, маселен, Жалал-Абаддан жалгыз министр М.Кайыпов эле барын айткан.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG